Түрк басма сөзү 03. 01.2023
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

«Сабах» гезити «Экспорт боюнча республиканын тарыхый рекордуна жетишилди» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын : «Дүйнөлүк кыйынчылыктарга карабастан 2022 - жылы экспортубуз өткөн жылга салыштырмалуу 12,9 пайызга өсүп 254,2 миллиард долларга жетти. Бул көрсөткүч республикабыздын тарыхында рекорддук көрсөткүч болуп саналат»,-дегенин жазган.
«Хүррийет» гезити «Дүйнөнүн көзү 2023 - жылы да Түркияда болот» деп билдирип, 2023 - жылдын алгачкы күндөрүндө да дүйнөнүн көзү Түркияда экендигин белгилеген. Жаңы жылда байкала турган окуялар тууралуу жазган Foreign Policyден көңүлдөрдү бурган Эрдоган анализи келди. Түркия шайлоолоруна да кенен орун берилген кабарда : «Эрдоган 2002 – жылдагы шайлоодо утуп чыкты, 2003 – жылы премьер - министр болду жана ал күндөн бери Анкаранын негизги адамы»,- деп билдирилди.
«Йенишафак» гезити "Жылдык кирешеси боюнча дүйнөнү ашып өттү" деп жазып, өткөн жылы Биржа Стамбулдун дүйнөлүк биржалар арасында инвесторлоруна эң көп киреше алып келгендигин жазган. Биржа Стамбул 100 индекси 2022 - жылы 196,57% өссө, анын эң жакын атаандашы Аргентинанын S&P Merval 135,28 пайызга жогорулады. Өткөн жылы АКШ, Кытай жана Европанын негизги биржаларында жоготуулар болгон.
«Стар» гезити "Анталия 2023 - жылга ылдам кирди" деген маалыматында 2022 - жылды аба аркылуу 13 миллиондон ашуун турист менен аяктаган Анталияга 2023 - жылдын биринчи күнүндө 64 учак менен 9 миң 27 туристтин келгендигин белгилеген. Өткөн жылы шаарга эң көп келген немис туристтердин ордун биринчи күнү орус туристтерге калтырды.
«Ватан» гезити "Стамбул аэропорту 2022 - жылы Европанын эң жогорку чегине жетти" деген макаласында Европанын аэронавигациялык коопсуздук уюмунун 2022 - жылдагы баа берүүсүнө ылайык, Стамбул аэропорту күнүнө орточо 1156 каттам менен Европанын эң кыймылдуу аэропорту болду.