Түрк басма сөзү 30.12.2022
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

«Йени шафак» гезити «Акар : сириялыктарга каршы бир нерсе жасообуз мүмкүн эмес» деген кабарында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Москвада коргоо министрлери жана чалгындоо төрагаларынын ортосунда ишке ашырылган үч тараптуу жыйынга байланыштуу : «Биздин Түркияда жана Сирияда жашаган сириялык боордошторубузга каршы бир нерсе жасообуз сөз болбойт. Аларды кыйын абалда калтыра турган мамиле кылган жокпуз, кылбайбыз»,- деди.
«Хүррийет» гезити «Акыры силер үчүн жакшы болбойт» деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун грек басма сөзүндө аймактык сууларынын 12 милге чыгарыларына байланыштуу кабарлары тууралуу : «12 мил эмес, Эгейде бир мил да болсо аймактык сууларынын кеңейтилишине уруксат бербейбиз. Парламентибиздин бул тууралуу 1995 – жылы чыгарган чечими так жана азыр да күчүндө. Грецияны дагы бир жолу эскертебиз. Авантюрага барбагыла. Акыры силер үчүн жакшы болбойт», - дегенин жазган.
«Стар» гезити «АКШдан Эрдоган тууралуу моюнга алуу» деген макаласында, борбору АКШ болгон ой мекемеси Atlantic Council президент Режеп Раййип Эрдогандын Россия - Украина согушундагы саясатынан мактоо менен сөз кылганын баяндаган.
«Сабах» гезити «Орус туристтер жаңы жылда Түркияны тандашат» деп билдирип, орус маалымат агенттиги РИА Новостинин кабарында жаңы жылда Түркиянын орус туристтери тандаган жер болгондугун маалымдаган.
«Ватан» гезити «Санариптик түрк лирасында биринчи төлөм ишке ашты» деген маалыматында Түркия Республикасынын Борбордук банкы санариптик түрк лирасы долбоорунун биринчи фаза иштеринин алкагында биринчи төлөм иштеринин ийгиликтүү ишке ашкандыгын жарыялады.