Түрк басма сөзү 26.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1923564
Түрк басма сөзү 26.12.2022

«Йенишафак» гезити «Акар: Француздар баккан жылан өздөрүн чага баштады» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акар, Франциянын борбор шаары Париждеги кол салуудан кийин террордук уюмдун жактоочуларынын нааразылык акциясына байланыштуу: «Француздар багып жаткан жылан өздөрүн чага баштады. Ар бир адам эми бул террордук уюмдун чыныгы жүзүн көрүшү керек»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Калын менен Челиктин Францияга реакциясы» аттуу маалыматында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын Твиттерден бөлүшкөн билдирүүсүндө, ПКК террористтеринин Париж көчөлөрүн өрттөгөнүн белгилеп, Францияга «Дагы эле унчукпайсыңарбы?» деп каршылык көрсөткөнүн билдирген. Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челик да: «Террордук уюмдарды баккандар террор менен бетме-бет келишти», деди.

«Сабах» гезити «Улуттук лазер системасы ALKA таамай сокку урду» аттуу кабарында Рокетсан тарабынан иштелип чыккан ата мекендик жана улуттук ALKA багытталган энергетикалык курал системасынын, сыноолор учурунда бутасын толук тактык менен жок кылганын билдирген.

«Хабертүрк» гезити «Дан коридорунда 15 миллион тоннадан ашты» аттуу маалыматында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 1-25-декабрь күндөрү Украина портторунан жалпы 585 кеменин чыкканын белгилеп: «Ташылган жүктүн жалпы көлөмү 15 миллион 80 миң тоннадан ашты»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «2022-жылы 119 миң 817 мигрант депортацияланды» аттуу кабарында Ички иштер министрлигинин Миграция башкармалыгы 2022-жылы 274 миң 311 мыйзамсыз мигранттын Түркияга кирүүсүнө бөгөт коюлганын жана депортацияланган мыйзамсыз мигранттардын санынын 119 миң 817ге жеткенин билдиргенин кабарлаган.  



Тектеш кабарлар