Түрк басма сөзү 23.12.2022
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Өлкөбүздү эң жогорку деңгээлге чыгарууга чечкиндүүбүз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, дүйнөдөгү ар бир кризистин Түркияны ого бетер күчтөндүргөнүн айтканын жазган. Эрдоган: «Саясий, дипломатиялык жана коопсуздук жаатындагы жетишкендиктерден тышкары инвестиция, жумуштуулук жана экспорт менен өнүктүргөн өлкөбүздү Түркия кылымынын негизинде эң жогорку деңгээлге чыгарууга чечкиндүүбүз»,-деди.
«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу, Швецияда конкреттүү жылыш жок» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, Түркиядан НАТОго мүчөлүккө макулдук күткөн, бирок алгач террорго болгон колдоосун кыскартууну убада кылган Швеция тараптан террор менен байланышы бар кылмышкерлердин өткөрүлүп берилиши жана террористтердин активдеринин тоңдурулушу темасында конкреттүү жылыш болбогонун айтканын билдирген. Чавушоглу: «Коргоо өнөр жай ишканаларыбыз да Швециядан кээ бир продукцияларды импорттоо үчүн керектүү оң жооп ала алган жок»,-деди.
«Йени Шафак» гезити «Түркия жаратылыш газда борбор болот» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Украина-Орусия согушунун дан жана энергетика кризисине себеп болгонун, күчтүү дипломатиянын Түркияны маанилүү абалга алып келгенин айтканын жазган. Түркиянын дан кризисин чечкенин баса белгилеген Челик, энергетикада «Түркия бөлүштүрүүчү борбор болот»,-деди.
«Стар» гезити «Түркиядан мунай иш-аракеттери» аттуу маалыматында акыркы кездеги мунай табылгаларына көңүлдөрдү бурган энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез: «Ата мекендик мунай өндүрүшүбүз 80 миң баррелге жетти. Республикабыздын жүз жылдыгында (2023-жыл) күнүмдүк 100 миң баррель мунай чыгарууну максат кылуудабыз»,-дегенин жазган.
«Сабах» гезити «Борбордук банктын резервдери акыркы 8 жылдын эң жогорку чегинде» аттуу кабарында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын жалпы резервдеринин 16-декабрь аптасында мурунку жумага салыштырмалуу 747 миллион долларга өсүп, 129 миллиард 511 миллион доллар менен 2015-жылдын январь айынан бери эң жогорку чегине жеткенин билдирген.