Түрк басма сөзү 15.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кывскача маалыматтар.

1919164
Түрк басма сөзү 15.12.2022

 «Хүррийет» гезити «Эрдоган: Түркмөн газы үчүн иштей баштайлы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркмөнстанда Түркия-Азербайжан-Түркмөнстан мамлекет башчыларынын биринчи саммитинде билдирүү жасаганын берген. Эрдоган, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов биргелешкен протоколго кол коюшту. Эрдоган: «Түркмөн жаратылыш газын батыш базарларына жеткирүү боюнча иштерди азыр башташыбыз керек»,-деди.

«Стар» гезити «Чавушоглудан Арменияга чакыруу» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Түркиянын Армения менен сүйлөшүүлөрүн атайын өкүлдөр аркылуу улантып жатканын белгилеп: «Аба мейкиндигибизди координациялуу түрдө ача турган аба жүктөрүнө байланыштуу кээ бир кадамдарды таштадык. Армения да чын ыкластуу кадам таштоого тийиш.»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Кызылелма биринчи учуусун ишке ашырды» аттуу маалыматында учкучсуз согуштук учак Байрактар ​​Кызылелма алгачкы учуусун ишке ашырганын жазган. Түрк авиациясынын тарыхый күнүнөн сүрөттөр бөлүшүлдү. Байкардын башкы директору Халук Байрактар: «2021-жылы башталган «Кызылелма» долбоорунда биринчи учууну 1 жыл рекорддук мөөнөттө бүтүрдүк»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Уолл стрит журналы Түркиянын экономика моделин мактады» деген кабарында Түрк экономика модели америкалык каржы гезити Wall Street Journal тарабынан жогору бааланганын маалымдаган. Гезит тарабынан жасалган анализде президент Эрдогандын көнүмүш эмес саясаттарынын 2023-жылы жеңил болушу күтүлгөн макроэкономикалык шарттар менен да бекитиле турганына көңүл бурулду. Анализде «Үй чарбалары түрк лирасына кайтып келүүдө» деп айтылды.

«Хабер түрк» гезити «Германиялык журнал: пенсионерлердин сүйүктүү шаары Адана» деген кабарында Германияда басылган Focus журналынын ар кайсы өлкөдөн 799 шаарда жүргүзгөн изилдөөсүнө караганда, Түркиядан Адана эң мыкты ардактуу эс алууну өткөрүүгө ээ болгон 10 шаардын арасында 6-орунда болгонун белгилеген. Шаардын саламаттыкты сактоо кызматтары, коопсуздук, климат жана транспорт тармагы тизме түзүүдө аныктоочу факторлор болсо да, пенсионерлердин көбү бул жыйынтыкты тастыктап, Аданада жашагандарына абдан кубанычта экендиктерин билдиришти.

 



Тектеш кабарлар