Түрк басма сөзү 8.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1916327
Түрк басма сөзү 8.12.2022

 «Йенишафак» гезити «Франция басма сөзүнөн президент Эрдоганга алкыш» аттуу маалыматында француз гезити Le Monde дүйнө Орусия-Украина согушу менен кыйын мезгилден өтүп жаткан учурда дан коридору келишиминдеги ролу менен 400 миллионго жакын адамды ачарчылыктан куткарган президент Режеп Таййип Эрдоган үчүн «Ал укмуштуудай өзүнө болгон ишеними менен тескери айланган дүйнөнүн кемчиликтерин жоюу үчүн тереңине кире алат» деген сөздөргө орун бергенин жазган. Анда Эрдогандын саясий кризистерди мүмкүнчүлүккө айландыра алганы да баса белгиленди.

«Стар» гезити «АКШнын F-16 кадамына байланыштуу Чавушоглунун билдирүүсү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун : «Добушка коюла турган Улуттук Коргоо Уруксат мыйзамынын акыркы текстинде терс элементтин болбошу оң көрүнүш, муну кубаттайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Калын: Кипр маселеси бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн иши» деген кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калындын: «Кипр маселеси бүт түрк дүйнөсүнүн маселеси. Кипр маселеси – бул укуктун, мыйзамдын жана адилеттүүлүктүн иши. Жер - бул башкаруу маселеси эмес, негизги укуктарды жана мыйзамды жана эл аралык нормаларды ишке ашырууну эскерткен иш»,дегенин берген.

«Сабах» гезити «Айыл чарба секторунан айлык экспорт рекорду» деген кабарында айыл чарба сектору 3 миллиард 329 миллион доллар менен бардык мезгилдердин эң жогорку айлык экспортун ишке ашырганын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Түркия жарандык авиацияда дүйнөнүн эң чоң учуу тармагына ээ өлкө болду» аттуу кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаиоглу 2003-жылы 50 өлкөдө 60 болгон эл аралык каттамдардын санына 282 жаңы багыт кошкондорун белгилеп: «2022-жылдын ноябрь айынан тарта 130 өлкөдө 342 каттам түйүндөрүнө жеттик. Ошентип, түрк жарандык авиациясын дүйнөдөгү эң чоң учуу тармагына ээ өлкөгө айланттык»,-деп айтканын баяндаган.



Тектеш кабарлар