Түрк басма сөзү 2.12.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1913757
Түрк басма сөзү 2.12.2022

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан инвесторлорго чакыруу» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, 2022-жылдын үчүнчү чейрегинин өсүү көрсөткүчтөрүнүн Түркиянын туура жолдо баратканынын эң туура белгиси экенин айтканын жазган. Эрдоган: «Дүйнөнүн кайсы жерине барбайлы, маектештерибизге «Келгиле, бирге пайда көрөлү» деп дайыма айтабыз. Өндүрүү, ишке орноштуруу, экспорттоо менен өлкөбүзгө салым кошууну каалагандардын бардыгына ушундай чакырыкты салабыз»,-деди.

«Ватан» гезити «Улуттук коопсуздук кеңешинен кургактык операциясы билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Эрдогандын жетекчилигинде Президенттик комплексте өткөрүлгөн Улуттук коопсуздук кеңешинин жыйынынан кийин жарыяланган билдирүүдө, «Аймакта эч кандай террордук уюмдун болушуна жана иш-аракетине жол берилбей турганы, зарыл болгон бардык кадамдардын чечкиндүү түрдө жасала турганы баса белгиленди»,-деген сөздөрдүн камтылганын жазган.

«Хабер түрк» гезити «Акардан шериктештерге PKK/KCK/YPG эскертүүсү» аттуу кабарында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын, жикчил террордук уюм ПКК/КЖК/ЙПГнын карапайым калкка жасаган акыркы кол салууларын эске салып: «Шериктеш өлкөлөргө, чек араларыбызга жана элибизге кол салган кандуу террордук уюм ПКК/КЖК/ЙПГны ДЕАШка каршы күрөшүү шылтоосу баш болгон кандайдыр бир себептер менен колдоо көрсөтпөөлөрү, террорчулардан айырмаланууну кыйындата турган өз желектерин жана формаларын колдонтпоолору, террористтерди жашаган аймактарынан алыс кармап, террордук уюмдар менен болгон бардык карым-катнаштарын мүмкүн болушунча тез арада үзүүлөрү боюнча эскертилүүдө»,-дегенин билдирген.

«Йени шафак» гезити «АКШ чегинди, ПКК качууда» аттуу маалыматында Түркиянын Сириянын түндүгүнө ыктымалдуу кургактык операциясынан мурда Америка Кошмо Штаттары «SDG» деп атаган террордук уюм менен күзөт иштерин кыскартканын жазган. Америкалык дипломаттар жана аймактагы жарандык кызматкерлер Ирактын Эрбил шаарына өтүштү. ПККда таркоо күчөгөндүктөн топтун башчылары уюмдун акчасын уурдап, качып кете башташты.

«Стар» гезити «НАТО Түркиясыз жашай албайт» аттуу кабарында Американын тышкы саясат журналында Түркиянын президент Эрдогандын жетекчилигинде Украина согушунда Орусия менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда ишке ашырган дипломатиясына орун берилгенин билдирген. Журнал европалык жана америкалык саясатчылардын НАТОнун Түркиясыз жашай албасы тууралуу бир пикирге келишкенин жазган.



Тектеш кабарлар