Түрк басма сөзү 30.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1912731
Түрк басма сөзү 30.11.2022

«Ватан» гезити «Эрдоган: Дүйнө лидерлигине көтөрүлүүгө жолубуз ачык» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын отелчилер федерациясынын 7-Кезектеги жыйынында сүйлөгөн сөзүндө: «Түркиянын 2021-жылы турист санында дүйнөдө төртүнчү, туризм кирешесинде сегизинчи орунга чыгышы быйыл андан дагы жакшы жерлерге келе турганыбыздын кабарчысы. Глобалдык кризистин таасири менен туризмдеги атаандаштарыбыз алсыраган ушул мезгилде, биздин дагы көп аракет кылуу менен дүйнөлүк лидерликке чыгуу жолубуз ачык»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Чавушоглу: Согуш болуп жатканда да дипломатияны улантууга болот» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун, НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйыны өткөн Бухарестте Аспен институту-Германия Маршалл Фондунун форумунда сүйлөгөн сөзүндө Орусия-Украина согушунун коңшу өлкөлөргө да таасирин тийгизгенин белгилеп: «Айыптоо менен гана маселени чечүү мүмкүн эмес. Адилеттүү жол менен тынчтыктын орношуна кепилдик беришибиз керек. Согуш болуп жаткан кезде да дипломатияны улантууга болот»,-дегенин жазган.

«Хүррийет» гезити «Калындан ыктымалдуу операция билдирүүсү» аттуу кабарында Президенттиктин басма сөз катчысы Ибрахим Калын Сириядагы террор аймактарына ыктымалдуу кургактык операциясы тууралуу: «Операциялар ар кандай жолдор менен жүргүзүлүшү мүмкүн. Эртең, кийинки аптада же күтүлбөгөн жерден болушу мүмкүн»,-дегенин баяндаган.

«Йени шафак» гезити «Сабиха Гөкченге "Жылдын санариптик аэропорту" сыйлыгы» аттуу маалыматында Стамбулдагы «Сабиха Гөкчен» эл аралык аэропорту, Bluesky Awards- 2022нин авиацияда ийгилик сыйлыктары категориясында "Жылдын санариптик аэропорту" болуп тандалганын жазган.

«Стар» гезити «Дүйнө чемпионатынын беттештерин THY учактарынан да көрүүгө болот» аттуу кабарында 20-ноябрда Катарда башталган 2022-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатынын матчтары Түрк аба жолдорунун (THY) учактарында да көрсөтүлө турганын билдирген.



Тектеш кабарлар