Түрк басма сөзү 29.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1912213
Түрк басма сөзү 29.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Эч кимден уруксат албаганы сыяктуу, эч кимге да эсеп бербейбиз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Министрлер кабинетинин жыйынынан кийинки билдирүүсүндө: «Өлкөбүздүн чек арасын 30 километр тереңдиктеги коопсуздук тилкеси менен коргоо чечимибиз, башыбыздан өткөн ар бир окуя менен күчтөнүүдө. Миңдеген километр алыстан келип, террорист же күнөөсүз деп бөлбөстөн бардык жерди талкалагандар Түркиянын бул сезимталдыгын урматташы керек. Эч кимден уруксат албагандай эле, эч кимге да эсеп бербейбиз. Атын өзгөртүү оюндары менен катталган террордук уюмга колдоо көрсөткөндөрдүн эки жүздүүлүгүнө чыдай турган абалда эмеспиз»,-деп айтканын жазган.

«Стар» гезити «Президент Эрдогандан Ислам дүйнөсүнө "Греция" чакырыгы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын, Ислам Кызматташтык Уюмунун (COMCEC) экономикалык жана соода кызматташтыгы боюнча Туруктуу комиссиясынын 38-жыйынынын ачылыш программасында сүйлөгөн сөзүндө: «Ислам дүйнөсү мындан ары Грецияда зулумга дуушар болгон боордошторубуздун абалын көз жаздымда калтырбашы керек. Грециядагы бир туугандарыбыздын мал- мүлктөрү тартылып алынууда, аларга эне тилин үйрөнүүгө уруксат берилбей жатат, буга унчукпай кое албайбыз»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглунун Египет билдирүүсү» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Түркия-Египет карым-катнаштары тууралуу: «Алдыдагы айларда элчи дайындалышы мүмкүн»,-дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Террорго катуу сокку» аттуу маалыматында Түрк куралдуу күчтөрүнүн Сириянын түндүгүндө жүргүзгөн «Евфрат калканы», «Зайтун бутагы» жана «Тынчтык булагы» операциялары менен 6 жылда 16 миң 913 террористти жок кылганын билдирген.

«Йени шафак» гезити «Түркия көк желектүү пляжда биринчиликке бара жатат» аттуу кабарында Көк желек боюнча Испания жана Грециядан кийин үчүнчү орунда турган Түркияда көк желек желбиреген пляждардын саны 2020-жылы 486га, өткөн жылы 519га, быйыл 531ге жеткенин жазган.



Тектеш кабарлар