Түрк басма сөзү 28.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1911669
Түрк басма сөзү 28.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган: Түркия өз коопсуздугу үчүн ар кандай чара көрүү укугуна ээ» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын, чек аранын тышындагы террор операцияларына байланыштуу Түркиянын өз коопсуздугу үчүн чек аранын тышында белгилеген аймактарда ар кандай чара көрүү укугуна ээ экенин, бул укугун колдонууга эч кимдин тоскоол боло албай турганын айтканын жазган.

«Йени Шафак» гезити «Израиль медиасы: Түркияны токтото турчу күч жок» аттуу маалыматында ПККнын Стамбул жана Газиантепке кол салууларынан кийин Түркиянын Сириянын түндүгүндөгү абадан операциясы жана президент Эрдогандын кургактан операция билдирүүсү дүйнөлүк басма сөздө айтылып жатканын баяндаган. Haaretz гезитине талдоо жазган израилдик пенсиядагы аскер Зви Бар Түркиянын Сирия операциясына даяр экенин жана АКШнын ага тоскоол боло албастыгын баса белгиледи.

«Хүррийет» гезити «Кара деңиз газынан жакшы жаңылык» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез, Кара деңизде Сакария жаратылыш газ кенинин жанындагы аянтта жаңы чалгындоо максатында бургулоо иштери жүргүзүлгөнүн, андагы биринчи көрсөткүчтөрдүн оң чыкканын билдиргенин жазган. Чукурова аймагында болсо үчүнчү мунай кудугунун бургуланганын жана болжол менен 8-10 миллион баррелдик резервдин бар экенин белгилеген Дөнмез: «Дээрлик суунун деңгээлинде мунай таптык, бул чоң бакыт»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиянын Сауд Арабия билдирүүсү: Биз макулдаштык» аттуу маалыматында казына жана каржы министри Нуреддин Набати Сауд Арабиянын соода министри Мажид Бин Абдуллах Аль Касаби менен жолугушканын билдирген. Жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык, соода жана каржы кызматташтыгына баа бергендерин белгилеген Небати: «Биз бул тармактарда кызматташтыкты дагы да өнүктүрүү темасында урматтуу министр менен макулдаштык»,-деди.

«Сабах» гезити «8-Дүйнөлүк халал саммити жана 9-ИКУ Халал Экспо жарманкеси аяктады» аттуу кабарында Стамбулдагы жарманке борборунда өткөрүлгөн 8-Дүйнөлүк халал саммити кечээ аяктаганын жазган. 40ка жакын өлкөдөн 500гө жакын фирма стенддери менен катышкан Халал Экспо жарманкесинде быйыл 1 миллиард евролук бизнес көлөмү күтүлүп жатса, иш-чараны ушул убакка чейин 40 миңден ашуун жергиликтүү жана чет элдик кыдырды.



Тектеш кабарлар