Түрк басма сөзү 22.11.2022
Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган : Террорго жол бербейбиз» деген макаласында президент Режеп Таййип Эрдогандын жекшемби күнү Ирак жана Сириянын түндүгүнө ПКК/ЙПГ террордук уюмуна карата башталган «Чеңгел - Кылыч» операциясында эмне керек болсо аткарышкандарын жана мындан кийин да аткарышарын белгилегендигин жазган.Эрдоган террорго эч качан жол берилбей тургандыгын айтты.
«Сабах» гезити «Чеңгел - Кылыч операциясында жок кылынган террорист саны» деп билдирип, Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын «Чеңгел – Кылыч» операциясында 184 террористтин жок кылынганын билдиргенин жазган. «Террористтердин эсеп - кысап мезгили келди» деген Акар : «Өткөн жумада Бейоглуда, кечээ Өнжүпынар менен Каркамыш чек ара тилкесинде жасаган бардык карасанатай иштеринин эсебин алабыз»,-деди.
«Йени шафак» гезити «Алтундан Каркамыш билдирүүсү : Эсеп сурайбыз» деген макаласында Газиантептин Каркамыш районуна жасалган ракеталык кол салуу тууралуу маалымат берген президенттиктин коммуникация башкармалыгынын төрагасы Фахреттин Алтундун : «Күнөөсүз жарандарга карата кол салууларын улантып жаткан террордук уюм ЙПГ/ПККнын кол салууларына каршы коопсуздук күчтөрүбүз жооп кайтарууда. Акыркы террорист калганга чейин бул операцияларыбызды улантабыз»,- деди.
«Стар» гезити "Швециядан өзгөчө билдирүү" деп жазып, Швециянын тышкы иштер министри Тобиас Биллстремдин Түркиянын Ирактын түндүгүндө жана Сирияда террорду токтотуу үчүн баштаган «Чеңгел - Кылыч аба операциясы» тууралуу сөз кылып: «Түркия террордук кол салууга дуушар болгон өлкө жана террордук кол салууга дуушар болгон мамлекеттер өзүн коргоого укуктуу»,- дегенин маалымдаган.
«Хүррийет» гезити «Столтенберг : Эрдоган ачкыч ролду аткарды» деген кабарында Россия – Украина согушу улантылып, НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенбергдин Түркия менен президент Режеп Таййип Эрдогандын дан коридору келишиминин узартылышында жана туткундардын алмашуусунда абдан маанилүү ролду ойногондугун айтканын жазган.