Түрк басма сөзү 21.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1908594
Түрк басма сөзү 21.11.2022

«Хабер түрк» гезити «Сирия жана Иракка аба операциясы» аттуу кабарында Түркиянын аскердик учактарынын кечээ Сирия жана Ирактын түндүгүндөгү террордук буталарга абадан операция жүргүзгөнүн жазган. «Чеңгел-кылыч» аба операциясына байланыштуу Улуттук Коргоо министрлигинен берилген маалыматта: «Операцияда террорчулардын баш калкалоочу жайлары, үңкүрлөр, ок-дары кампалары, штабдар жана машыгуу лагерлеринен турган 89 бута жок кылынып, көп сандаган террорист таасирсиз кылынды»,-деп кабарланды.

«Стар» гезити «Министр Акар: Террордук уюмдун штабдарына сокку урулду» аттуу маалыматында «Чеңгел-кылыч» операциясынын улуттук коргоо министри Хулуси Акар тарабынан, Түрк куралдуу күчтөрүнүн командирлери менен бирге Аба күчтөрүнүн операция борборунан башкарылганын билдирген. Министр Акар: «Террористтерге таандык баш калкалоочу жайлар, бункерлер, үңкүрлөр, туннелдер жана кампалар ийгиликтүү жок кылынды. Террордук уюмдун штабдарына да түз сокку урулду»,-деди.

«Хүрриет» гезити «Челик: Операция менен дагы бир жолу көрсөтүүдөбүз, өлкөбүзгө көз арткандар эң оор бааны төлөшөт» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) төрагасынын орун басары жана партиянын басма сөз катчысы Өмер Челик кечээ социалдык медиа баракчасынан: «Чеңгел-кылыч аба операциясы менен дагы бир жолу көрсөтүүдөбүз, өлкөбүзгө көз арткандар эң оор бааны төлөшөт» дегенин жазган.

«Сабах» гезити «Алтун: Террорду өз булагында жок кылууну улантабыз» аттуу маалыматында Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун социалдык медиа баракчасынан жарыялаган билдирүүсүндө «Чеңгел-кылыч» аба операциясына байланыштуу: «Террордун жана террорду колдогондордун Түркияны туруксуздаштыруу аракетин жокко чыгарууну, террорду өз булагында жок кылууну улантабыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити «Чавушоглу: 88 ахыска бир тууганыбыз мекениңизге кош келипсиздер» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Украинанын Херсон шаарынан чыга албай калган 88 ахыска түркүнүн Түркиянын демилгелеринин натыйжасында өлкөгө келгенин билдиргенин жазган. Чавушоглу социалдык медиа баракчасынан: «Украинанын Херсон шаарынан чыга албай калган жана демилгелерибиздин негизинде Орусия жана Грузия аркылуу өлкөбүзгө алып келинген 88 ахыска бир тууганыбыз; Мекениңизге кош келипсиздер! Кайда гана болбосун биз ар дайым ахыска боордошторубуз менен биргебиз, алардын жанында болобуз!»,- деп айтты.  



Тектеш кабарлар