Түрк басма сөзү 17.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1907324
Түрк басма сөзү 17.11.2022

«Стар» гезити «Макрон: Эрдоган абдан активдүү роль ойноп жатат» аттуу маалыматында Франциянын президенти Эммануэль Макрондун президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусия менен тынчтык сүйлөшүүлөрүндө «абдан активдүү» роль ойногонун белгилегенин жазган. Макрон, Стамбулдагы дан келишиминин ишке ашуусу менен азык-түлүк баасынын арзандаганын белгиледи. Француз лидери «Дан коридору келишими сөзсүз түрдө ушул дем алыш күндөрү жаңыртылышы керек»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Истиклал көчөсүндө терроризмге каршы биримдик билдирүүсү» аттуу кабарында 13-ноябрда Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон терактка жооп иретинде биримдик жана ынтымак жүрүшү өткөнүн маалымдаган. 40 өлкөнүн башкы консулдары, диний жамааттардын лидерлери, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана жарандар кол салуу болгон жерге чейин жүрүштө терроризмге каршы реакциясын көрсөтүштү. Консулдуктар жана диний коомчулуктун лидерлери терроризмди айыптап, биримдик билдирүүсүн беришти.

«Йени шафак» гезити «Швециядан ПККга карай жаңы кадам» деген кабарында Швеция парламенти тарабынан жактырылган антитеррордук мыйзамдарды катаалдаштырган конституциялык өзгөртүү жактырылганын жазган. Түзөтүүнүн жикчил террордук уюм ПКК/ЙПГ мүчөлөрүнө карата кылмыш иштеринин жеңилдетилишине жол ачканы белгиленди. Конституцияга киргизилген өзгөртүүдө терроризмге тиешеси бар топтордун биригүү эркиндиги жана демонстрацияга чыгууга уруксаты чектелүү болгону менен, жаңы мыйзамдардын кабыл алынышына жол ачары белгиленген.

«Ватан» гезити «Француздардан Байрактар ​​TB2 үчүн чоң мактоо» аттуу маалыматында Тоолуу Карабах, Ливия жана Украинада чоң ийгилик көрсөткөн атамекендик куралдуу учкучсуз учуучу аппараттар (КУУA) бүткүл дүйнөдө күн тартибине айланганын жазган. Акыры, француздар Байрактар TB2ди мактап бүтө алышкан жок. Атактуу радио жана телекөрсөтүү France info тараткан кабарында «Бул учкучсуз учуучу аппараттар ​​Түркияны дүйнөнүн көп жеринде алмаштырылгыс камсыздоочу кылууда»,деп берди.

«Хабер түрк» гезити «Чет элдиктердин Антальяда турак жайга болгон кызыгуусу күчтүү» деген кабарында Октябрь айында Антальяда 6 миң 323 үй сатылганын маалымдады. Бул турак жайлардын 33,58 пайызын (2 миң 123 даана) чет элдиктер сатып алган. Анталиядагы 3 турак жайдын 1и чет элдиктерге сатылды. Чет элдиктерге эң көп турак жай сатылган башка облустар Мерсин, Ялова жана Стамбул болду.



Тектеш кабарлар