Түрк басма сөзү 16.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1906854
Түрк басма сөзү 16.11.2022

«Хүррийет» гезити: «Президент Эрдогандан дүйнөгө «азык-түлүк кризиси» эскертүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында өткөрүлгөн «Азык-түлүк жана энергетика коопсуздугу» сессиясында сүйлөгөн сөзүндө: «Дүйнөлүк жер семирткич рыногу тез арада турукташуусу керек. Антпесе келерки жылы дагы чоң азык-түлүк каатчылыгы болот»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Эрдоган-Байден жолугушуусу» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Балидеги Чоң жыйырмалыктын лидерлер саммитинин алкагында АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушканын жазган. Байден F-16га байланыштуу колдоонун улана турганын айтты.

«Стар» гезити «Италиядан Түркия билдирүүсү» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Индонезияда Италиянын премьер-министри Жоржия Мелони менен жолугушканын жазган. Жолугушуудан кийин Италиянын Премьер-министрлиги жарыялаган билдирүүдө: «Эки лидер мыйзамсыз миграция менен күрөшүү жана Ливия кризисинин чечилишине көмөктөшүүнүн зарылдыгына басым жасашты»,-деп айтылды.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын АКШга экспорту 11 миллиард 998 миллион долларга жетти» аттуу кабарында Түркия экспортчулар ассамблеясынын маалыматына караганда, Түркиянын АКШга экспорту 11 миллиард 998 миллион доллар менен январь-октябрь айларынын эң жогорку көрсөткүчүнө жеткенин билдирген.

«Йени Шафак» гезити «Кышкы туризм жайкыдай болот» аттуу кабарында быйыл 50 миллион туристти жана 44 миллиард долларлык кирешени максат кылган Түркия жайкы сезондун аякташы менен кышкы туризмге даярдыктарды баштаганын жазган. Өзгөчө орус жана ирандык туристтердин лыжа базаларына суроо-талабы жогору экенин айткан Түрк саякат агенттиктери бирикмесинин төрагасы Фируз Баглыкая: «Кыш мезгилинде мейманканалардын толуу пайызы 90 пайыздын тегерегинде болот»,-деди.



Тектеш кабарлар