Түрк басма сөзү  11.11. 2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1905115
Түрк басма сөзү  11.11. 2022

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Чегинүү чечими оң» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Россия менен Украинанын ортосунда уланып жаткан согушта Россиянын Херсондон чегинүү чечими тууралуу : «Херсон тууралуу Россиянын чыгарган чечими оң жана маанилүү чечим»,- дегенин кабарлаган.

«Сабах» гезити «Telegraph: согуштун негизги жеңүүчүсү Түркия» деген макаласында Россия  - Украина согушунда тарап болгон мамлекеттердин экөөсү менен да жакшы мамиле ичинде болгон бир гана өлкө болгон Түркия, ортомчулук ролу менен дүйнөнүн көңүлүн буруп жаткандыгын белгилеген. Telegraphта жарыяланган бир кабарда болсо «Согуштун негизги жеңүүчүсү Түркия» деп Түркиянын президенти Эрдогандын  жол башчылыгындагы демилгелерден сөз болгон.

«Йени шафак» гезити  «Түрк учкучсуз учуучу аппараттары дүйнөгө үлгү болууда» деп билдирип, Түркиянын улуттук жана куралдуу учкучсуз учуучу аппараты Байрактар ТБ2нин дүйнөгө үлгү болууну улантып жаткандыгын жазган. АКШдан кийин Кытайдын технология кампаниясы  да Байрактар ТБ2ни көчүрдү. CETC өндүрүүнү пландаган учкучсуз учуучу аппаратынын макетинин Байрактар ​​TB2ге окшоштугу көңүлдөрдү бурду.

«Хабер түрк» гезити «Өнөр жай секторунун 10 айлык экспорту 150 миллиард долларды ашты» деп жазып,  түрк өнөр жай сектору 154,2 миллиард доллар менен бардык учурлардын эң жогорку январь  -  октябрь экспортун ишке ашыргандыгын маалымдаган.

«Стар» гезити «Россия Түркия деди» деген маалыматында октябрь айынын аягында 50 кишиден турган орус ишкерлер делегациясынын Стамбул жана Анкара шаарларында болгондугун билдирген. Сапарга байланыштуу билдирүү жасаган орусиялык ишкерлер Түркиянын Россиянын негизги камсыздоочусу боло аларын белгилешти.



Тектеш кабарлар