Түрк басма сөзү 9.11.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1903974
Түрк басма сөзү 9.11.2022

«Йени Шафак» гезити «Эрдоган: Террористтерди кабыл албагыла» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган кечээ жолуккан Швециянын премьер-министри Ульф Кристерссонго «террорчуларды кабыл алууну токтотуу» чакырыгын жасаганын жазган. Жикчил террордук уюм ПККга мүчө террористтердин Швециянын көчөлөрүндө террор чүпүрөктөрү менен жүргөнүн белгилеген Эрдоган: «Террордук уюмдардын Швециянын демократиялык чөйрөсүн пайдалануусуна бөгөт коюу керек»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Чавушоглу: Эгин жана жер семирткич экспортунун алдындагы тоскоолдуктар толук жоюла элек» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу өз билдирүүсүндө, Орусиянын дан жана жер семирткич экспортунун алдындагы тоскоолдуктардын толук жоюла электигин белгилеп: «Орусиянын күтүүлөрүн камсыз кылуу үчүн кандай кадамдар таштала турганын карап жатабыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Өмер Челиктен Макронго каршылык» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) басма сөз катчысы Өмер Челик, Түркияны Африкадагы империалисттик күч деп айыптаган Франциянын президенти Эммануэль Макронго каршылык көрсөткөнүн жазган. Челик: «Франциялык фирмалардын француз мекемелери менен байланыштуу Сирияда ДЕАШка да, ПККга да колдоо көрсөткөнү белгилүү болду. Ушул себептен улам Макрон мырзанын түрк улутунан кечирим сурашы керек болгон учурда Түркияны «империалисттик күч» деп айыптоосу чоң жаңылыштык»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Дөнмез '97 пайыз' деп жарыялады» аттуу маалыматында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез: «Кара деңиз газын кургактыкка жеткирүү үчүн деңиздин астынан курулган куурдун 97 пайызы бүттү. Март айынын аягында биринчи газды системага жеткиребиз»,-дегенин жазган.

«Стар» гезити «Жаңгак дарагы Бразилиядан "Эң мыкты тасма" сыйлыгы менен кайтты» аттуу кабарында Маданият жана туризм министрлиги менен Түркия радио-телеберүү мекемесинин (TRT) колдоосунда тартылган, режиссер Файзал Сойсалдын «Жаңгак дарагы» кинотасмасы 6-Эл аралык Бразилия кинофестивалында «Эң мыкты тасма» сыйлыгына ээ болгонун билдирген.



Тектеш кабарлар