Түрк басма сөзү-06.10.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1889136
Түрк басма сөзү-06.10.2022

«Йени шафак» гезити «Эрдоган: Экономикалык өсүш боюнча дүйнөдө биринчи орунду алдык» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын фракциялык жыйналышында: «Эпидемия болду, өндүрүштү токтоткон жокпуз. Өсүүнү уланттык. Дүйнөдө биринчи орунду алдык. Көп жерлерде рецессия тууралуу талкуулар жүрүп, кыскаруулар болуп жатканда жана эл аралык уюмдар өлкөбүздүн өсүү болжолдорун жогорулатып жатышты»,-деп айтканын баяндаган.

«Стар» гезити «Ядролук колдонмолордо колдонулат» аттуу кабарында Түркия өзөктүк колдонмолордо ата мекендик бор карбидин колдонууга даярданууда экенин жазган. Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез бор карбид заводунун 2022-жылдын аягына чейин ишке кирерин билдирди.

«Хабертүрк» гезити «Айыл чарба сектору 9 айдын эң жогорку экспорт рекордун жаңыртты» деген маалыматында айыл чарба сектору 9 айлык тышкы соодасын 24,5 миллиард долларга жеткирүү менен тарыхынын январь-сентябрь мезгилинде экспорт рекордун жаңылаганын белгилеген.  Түркиянын айыл чарба экспорту жылдын тогуз айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 18,6 пайызга өстү.

«Хүррийет» гезити «Стамбул аэропорту «дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» болуп тандалды» деген кабарында дүйнөнүн алдыңкы саякат журналдарынын бири «Condé Nast Traveller» журналы тарабынан жүргүзүлгөн сурамжылоодо Стамбул аэропорту Сингапур менен Түштүк Кореяны артка калтырып, «дүйнөнүн эң мыкты аэропорту» болуп тандалганын маалымдаган.

«Сабах» гезити «Кападокияда 508 миң турист аймакты асмандан көрдү» аттуу кабарында тарыхый, табигый жана маданий байлыктары жана түрдүү тур иш-чаралары менен Түркиянын сүйүктүү туризм борборлорунун бири болгон Кападокияда жылдын 9 айында 508 миң 181 турист ысык аба шары турларына катышканын маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар