Түрк басма сөзү 5.10.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1888534
Түрк басма сөзү 5.10.2022

«Ватан» гезити «Эрдогандан Грецияга: Биз ар дайым керектүү нерсени жасайбыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган, өлкөсүн Америка базалары менен жабдыган Греция өкмөтүнө каршылык көрсөткөнүн жазган. Эрдоган: «Грециянын премьер-министри (Кирякос Мицотакис) чыгып алып АКШдан жардам сурап жатат. Эмне кылсаңар да, биз ар дайым керектүү нерсени жасайбыз, ага даярбыз»,- деди.

«Стар» гезити «Түркиядан БУУга кат» аттуу маалыматында Түркиянын Чыгыш Эгей аралдарынын аскердик эмес статусуна байланыштуу Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) жазган акыркы каты менен Грециянын негизсиз тезистерин күчтүү юридикалык аргументтер менен жокко чыгарганын билдирген. Катта: «Греция (аралдар) куралсыздануу боюнча өз милдеттенмелерин кемсинтип жана маанисиз кылууга аракеттенүүдө. Бул милдеттенмелерди бузуу эл аралык тынчтыкка коркунуч келтирет. Түркия Грециянын аргументтерин, негизсиз дооматтарын жана саясий риторикаларын толугу менен четке кагат»,-деп айтылды.

«Хүррийет» гезити «Түркиядан Европа Биримдигине жана Грецияга реакция» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Танжу Билгич, Түркия менен Ливиянын ортосунда көмүр суутектери тармагында кол коюлган меморандумга байланыштуу Европа Биримдиги менен Грециядан айтылган билдирүүлөргө: «Өз ара түшүнүшүү меморандумуна байланыштуу Греция менен Евробиримдиктин басма сөз катчысынын билдирүүлөрү өлкөбүз үчүн эч кандай мааниси жана баалуулугу жок»,-деп жооп берди.

«Йени шафак» гезити «Түркия келечектин армиясын курууда» аттуу маалыматында алгач Азербайжандын Арменияны жеңилүүгө учуратышы, андан соң Орусиянын Украинаны басып алуу аракетинде дүйнө жүзүнүн көңүлүн бурган Түркиянын ата мекендик жана улуттук куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарынын (SİHA) күн сайын сөз болуп жатканын жазган. Америкалык Forbes журналы Түркиянын коргоо өнөр жайындагы кадамдарын талдап чыкты. Forbesтин аналитиги Амир Хусейн «Түркия гипер согуш жөндөмдүүлүгүнө ээ армия куруп жатат» деген талдоосун жарыялады.

«Хабер түрк» гезити «Небати: 21-кылым Түркия кылымы болот» аттуу кабарында казына жана каржы министри Нуреддин Небати Түрк экономика моделинин дүйнөгө үлгү боло турганын айтканын билдирген. «Өсөбүз, иштейбиз, өндүрөбүз, иш менен камсыз кылабыз» деген Небати 21-кылымдын Түркия кылымы болорун баса белгиледи.



Тектеш кабарлар