Түрк басма сөзү   04.10.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1887983
Түрк басма сөзү   04.10.2022

«Хүррийет» гезити «Эрдоган : Түркия кылымын бирдикте курабыз» деген макаласында Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Стамбулда өткөн Катышуу каржы стратегиясы документин таанытуу жыйынында  сүйлөгөн сөзүндө : «Глобалдык өнүгүүдөн улам  бир канча убакыттан бери таасирин  сезип жаткан инфляция маселесин жеңип Түркия кылымын бирдикте курабыз»,- дегинин жазган.

«Сабах» гезити «Чавушоглу :  эч ойлонбостон Ливиянын жанында болобуз» деп билдирип, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун  кечээ расмий сапарынын негизинде барган Ливиянын борбор шаары Триполиде Түркиянын кыйын учурларында Ливиянын жана Ливия калкынын жанында болгонун, мындан кийин да жанында болорун, колдоосун улантарын айткандыгын белгилеген.

«Стар» гезити «Британия жоопкерчилигин орундатпай жатат, бир гана ишенген өлкөбүз Түркия» деген маалыматында АКШнын Кипр Рум башкаруусуна курал эмбаргосун жоюшу тууралуу Британиянын да кепил өлкө катары жоопкерчиликтери бар экендигин белгилеген Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татардын : «Түндүк Кипр Түрк Республикасы катары бир гана ишенген өлкөбүз Түркия Республикасы»,- дегенин маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «Памуккалеге 9 айда 1 миллион 557 миң киши  келди» деп билдирип, Денизлидеги дүйнөгө белгилүү туризм борбору Памуккаленин 2022 -  жылдын 1 -  январынан 30 -  сентябрынын арасында 1 миллион 557 миң 851 туристти тосуп алгандыгын  жазган.

«Йени шафак» гезити «Измирдеги Яссытепеде 5 миң жылдык кесе табылды» деген кабарында Измирдин Борнова районунда Йешилова дөбөсүдө  жүргүзүлгөн Яссытепе казууларында 5 миң жыл мурункуга таандык, бышкан чоподон жасалган кесенин табылгандыгын билдирген. Казуу группасынын жетекчиси доцент доктор Зафер Дерин калдыктарды иликтеп, 5 миң жыл мурдагы тамак  - аш жана тамак маданияты тууралуу жаңы маалыматтарга жетүүнү максат кылгандарын айтты.

 

 



Тектеш кабарлар