Түрк басма сөзү 30.09.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1886645
Түрк басма сөзү  30.09.2022

"Ватан" гезити "Эрдоган Путин менен сүйлөштү" деген кабарында Президент  Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Россиянын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөшкөндүгүн жазган. Сүйлөшүүдө Эрдоган Путиндин сүйлөшүүлөргө бир мүмкүнчүлүк беришин суранды. 

"Сабах" гезити "Министр Чавушоглунан Греция тууралуу билдирүү" деп жазып, Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Грециянын чагымчылдыктары тууралуу маалыматтарды бергендигин белгилеген. Министр Чавушоглу Греция аралдарды куралдандырса биз да керектүү кадамдарды таштайбыз",- деди.

"Хабер түрк" гезити "Түрк куралдуу күчтөрү атты... 140 километр ичкериде операция" деген маалыматында Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ берген маалыматында : "Түрк куралдуу күчтөрү  27 -  сентябрда 140 километр ичкери кирди. Ирактын түндүгүндөгү Асосто 16 террордук үңкүр, баш калкалоочу жер, командирлик жерлерин атты",- дегенин маалымдады. 

"Хүррийет" гезити "Зеленскийден Эрдоганга ыраазычылык" деп билдирип, Украинанын Президенти Владимир Зеленскийдин кечээ Президент Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн телефон аркылуу сүйлөшүүсүнөн кийин берген маалыматында  Украинанын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине берген колдоосунан улам Президент Эрдоганга ыраазычылык билдирди. 

"Стар" гезити "Байрактар куралдуу учкучсуз учуу аппараттар Европада бир өлкөнүн инвентарына кирип жатат" деген  макаласында Албаниянын премьер  - министри Эди Раманын өлкөсүнүн Түркиядан сатып алуу үчүн келишкен Байрактар учкучсуз учуучу аппараттарынын жакында кызматка кирерин айткандыгын жазган.

 



Тектеш кабарлар