Түрк басма сөзү 29.09.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1886148
Түрк басма сөзү 29.09.2022

«Сабах» гезити «Аралдарды куралдардан тазалоолору шарт» деген маалыматында Президент Режеп Таййип Эрдогандын менчик телекөрсөтүү каналында берген билдирүүсүндө Грециянын Эгейдеги аралдарга АКШнын кемелерин жиберүүсүнө токтолуп : «Бул аралдарды куралдардан тазалоолору шарт»,- дегенин жазган. Эрдоган : «Америкадан күтүүбүз Грецияны жаңылыш эсептерге түртпөшү жана эл аралык пикирди бурмалоого жол бербөө»,- деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук Коопсуздук Кеңешинен Грециянын чагымчыл аракеттерине каршылык» деп билдирип, Президент Эрдогандын жетекчилигиндеги Улуттук Коопсуздук Кеңешинин жыйынынан кийин берилген маалыматта : «Грециянын пайдасыз аракеттерине каршы улутубуздун кызыкчылыктарын коргоо үчүн түрдүү мыйзамдуу ыкма жана каражатты колдонуудан тартынбай тургандыгыбыз баса белгиленди»,- деп айтылды.

«Хабер түрк» гезити «Дөнмез : Каспийдин чыгышын жана батышын бириктиришибиз керек»  деген макаласында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез түрк мамлекеттеринин ортосунда дагы көп электр, нефть жана жаратылыш газ байланыштарынын түзүлүшү үчүн аракеттердин көрүлүшү керектигин, Каспий деңизинин чыгышы менен батышынын таштала турган кадамдар менен бириктирилиши мүмкүн экенин айтты.

«Стар» гезити «Түрк аба жолдору Луфтансаны ашып өттү» деп жазып  түрк аба жолдорунун акыркы мезгилде бири биринин артынан алган сыйлыктар немис медиасынан кенен орун алгандыгын белгилеген. Немис гезити Spiegel кабарды “Түрк аба жолдору Луфтансаны ашып өттү» деген темада окурмандарына жарыялады.

«Йени шафак» гезити «Анталья аэропортунда немис жана орус туристтер»  деген кабарында Антальяда жайкы сезон бүткөнүнө карабастан чет элдик турист саны рекорддук деңгээлге жеткендигин маалымдаган. Анталья губернатору Эрсин Языжы шаарга аба жолу аркылуу келген чет элдик турист саны 10 миллион 788 миң 467ге жеткендигин, Анталья аэропортунда немис жана орус туристтердин көп экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар