Түрк басма сөзү 28.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар

1885548
Түрк басма сөзү 28.09.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган, Батыштан колдоо Грецияны куткарбайт» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган аралдарды куралдандырган Грецияга катуу каршылыгын көрсөткөнүн маалымдаган. Батыш Фракия жана аралдарда үйүлгөн куралдардын Түркия үчүн эч кандай мааниге ээ эмес экенин баса белгилеген Эрдоган: «Биздин күчүбүз жана мүмкүнчүлүктөрүбүз мунун чегинен өтө эле жогору»,-деди. Эрдоган: «АКШ, Европанын колдоосу сени куткарат деп ойлойсуңбу? Бул куткарбайт», - деди.

«Стар» гезити «Литва: Түркия үчүн мүмкүнчүлүк» деген кабарында Түркиянын Европага жакындыгынын географиялык абалынан улам мааниге ээ болгондугун жана көптөгөн секторлордо маанилүү роль ойногонун баса белгилеген Литванын Анкарадагы элчиси Рикардас Дегутис : «Литва менен Түркиянын ортосунда түзүлө турган кызматташтык жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жаратат»,-деп айтканын баяндаган. Литва парламентинин депутаты Риманте Саласевичите инвестиция темасында Түркия менен чоң кадам таштоолору керектигин айтты.

«Сабах» гезити «Түркия шамалда Европанын инновация борбору болууну максат кылууда» аттуу кабарында энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмез Түркиянын шамал энергиясы тармагында Европанын жана аймактын жаңы өндүрүш жана инновация борбору болууну максат кылганын айтканын маалымдаган. Түркиянын Европанын эң чоң 5-шамал жабдууларын өндүрүүчүсү экенин белгилеген Дөнмез: «2021-жылы 50гө жакын өлкөгө 1,5 миллиард евролук шамал турбиналары жана жабдууларын экспорттодук»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Дүйнөлүк атактуу экономисттер Түркияда жолугушат» аттуу маалыматында Казына жана каржы министрлиги өткөрө турган «Экономикалык трансформация саммитинин» алкагында дүйнөнүн алдыңкы экономисттери Стамбулга келе турганын маалымдаган. 29-сентябрь бейшемби күнү баштала турган саммитте 12ден ашуун өлкөнүн кадырлуу академиктеринин катышуусунда өзгөчө глобалдык жаңы экономикалык тартиптин жараткан мүмкүнчүлүктөрү менен көптөгөн темалар талкууланат.

«Йени Шафак» гезити «Түркия араб жаштарынын сүйүктүү өлкөсү» деген кабарында Батыш Азия жана Түндүк Африкадагы 17 өлкөдө 3 миң 400 киши менен жүргүзүлгөн «Араб жаштары изилдөөсү» жаштардын сүйүктүү өлкөсү Түркия экенин көрсөткөнүн маалымдаган.  Сурамжылоо көрсөткөндөй, араб жаштары АКШ, Англия, Франция сыяктуу батыштык державалардан айырмаланып, Түркия, Кытай жана Орусияны өздөрүнө жакын көрүшөт. Катышуучулардын 77 пайызы Түркиянын күчтүү шериктеш экенин белгилешти.

 



Тектеш кабарлар