Түрк басма сөзү 22.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1883070
Түрк басма сөзү 22.09.2022

«Ватан» гезити «Президент Эрдогандын демилгеси менен Орусия жана Украинанын ортосунда туткун алмашуу болду» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Орусиянын президенти Владимир Путин жана Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жүргүзгөн дипломатиялык соодалашуунун натыйжасында 200 туткундун алмашуусу ишке ашканын маалымдаган.

«Стар» гезити «БУУну белгилеген сөздөр: Түркия мактоого арзырлык» аттуу кабарында Германиянын канцлери Олаф Шольц Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы ассамблеясында сүйлөгөн сөзүндө Түркияга мактоо сөздөрүн айтканын белгилеген. Шольц:«Түркиянын ортомчулугу менен дан экспортунун кайра иштетилиши чоң мактоого арзырлык»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Эмине Эрдоган: Ашкана маданий мурастын эң маанилүү элементтеринин бири» деген кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын жубайы, биринчи айым Эмине Эрдогандын АКШнын Нью-Йорк шаарында түрк ашканасы даңазаланган гастрономия программасында: «Ашкана маданий мурастын эң маанилүү элементтеринин бири»,-деп айтканын баяндаган.

«Сабах» гезити «Даяр кийим жана тигүү өнөр жайынан 14,2 миллиард долларлык экспорт» деген кабарында даяр кийим жана тигүү өнөр жайы жылдын 8 айында 14 миллиард 248 миллион долларлык экспорт менен январь-август айларынын эң жогорку экспортуна жетишкенин маалымдаган. Ошол эле мезгилде өнөр жай Германияга 2,5 миллиард долларлык, Испанияга 1,8 миллиард долларлык жана Улуу Британияга 1,4 миллиард долларлык экспортту ишке ашырган.

«Хабертүрк» гезити «Бодрумга «Коста Венеция» кемеси менен 1502 жүргүнчү келди» аттуу кабарында Италия желектүү «Коста Венеция» круиздик кемеси кечээ Мугланын Бодрум районуна 1502 туристти алып келгенин белгилеген. Бажы процедураларынан кийин кемеден түшкөн жүргүнчүлөр Бодрумду кыдырып, тарыхый жерлерди кыдырышты.

 

 



Тектеш кабарлар