Түрк басма сөзү 21.09.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1882476
Түрк басма сөзү 21.09.2022

«Хүррийет» гезити «Президент Эрдоган БУУда дүйнөгө кайрылуу жасады» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында катышуучуларга кайрылуу жасаганын билдирген. Украина жана Орусияны тынчтыкты орнотууга чакырган Эрдоган: «Бардык өлкөлөрдү Түркиянын туруктуу тынчтык аракеттерин чын жүрөктөн колдоого чакырам»,-деди.

«Ватан» гезити «Гутерриш Түркияны мактады» аттуу маалыматында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антониу Гутерриштин БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйындарынын ачылышында Түркиянын колдоосу менен камсыздалган дан келишимин мактап, келишимдин дүйнө үчүн «үмүт» жана «керемет» болгонун айтканын жазган.

«Стар» гезити «Биз сиздин качкындар кампаңарбызбы?» аттуу кабарында ички иштер министри Сүлейман Сойлу Босния-Герцеговинадагы 2-Миграция диалогу конференциясында, Европа сыяктуу эле Түркиянын да өзүнүн ички тең салмактуулугу бар экенин белгилеп: «Британия бизге качкындардын бир бөлүгүн сизге жөнөтөлү деп сунуш кылды. Биз Европанын качкындар кампасыбызбы? Ушул убакка чейин ар кандай гуманитардык кадамдарды жасадык»,-дегенин билдирген.

«Хабер түрк» гезити «Эскишехирде 4500 жылдык кутуларда ооруну басуучу дарылардын активдүү заты аныкталды» аттуу маалыматында Эскишехирде биздин заманга чейин 3000-жылдарга таандык Анадолунун биринчи шаар түзүлүшү табылган Күллүоба дөбөсүндөгү казууларда, ооруну басуучу дарылар сакталган 4500 жылдык кутулардын табылганын жазган.

«Йени шафак» гезити «THYдан арзан билет акциясы» аттуу кабарында Түрк аба жолдорунун (THY) жүргүнчүлөрү Стамбулдан Балкан өлкөлөрүндөгү жана Түштүк Европадагы 32 жерге бардыгы камтылган 119 доллардан башталган баалар менен уча ала тургандарын билдирген.



Тектеш кабарлар