Түрк басма сөзү 29.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1873235
Түрк басма сөзү 29.08.2022

«Йени шафак» гезити «Түркиядан Пакистанга гуманитардык жардам» аттуу кабарында Түркиянын Пакистандагы селден жабыркагандарга жардам көрсөтүп жатканын билдирген. Биринчи этапта 10 миң чатыр, 50 миң азык-түлүк пакети, 50 миң гигиеналык каражат жана балдардын 10 миң тамак ашынан турган гуманитардык жардам материалдары жөнөтүлдү. Түрк Кызылайы селден жапа чеккен аймактарда медициналык кийлигишүү чатырларын куруп, болжол менен 6 миң кишини дарылоону пландаштырууда.

«Стар» гезити «Грек басма сөзүнөн Түркия моюнга алуусу» аттуу маалыматында грек басылмалары Түркияга каршы «Туңгуюкта турабыз» деген сөздү колдонуп, АКШ менен болгон «стратегиялык өнөктөштүк» карым-катнаштарынын ишке ашпаганын моюнга алганын билдирген. Түркиянын акыркы жылдарда маанилүү аймактык күч болгонун баалаган грек басма сөзү: «Түркиянын геостратегиялык абалы менен глобалдык тең салмактуулук үчүн өтө маанилүү болгон бир катар эл аралык маселеде лидерлик ролду ойношу көңүл бурууга арзыйт»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын туристтик максаты 47 миллионго жаңыланды» аттуу кабарында маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой Түркияга быйылкы жылдын 7 айында келген туристтердин саны 26 миллион 195 миң 747 жеткенин, бул маанилүү ийгиликте тейлөө секторунун чоң үлүшкө ээ болгонун айтканын жазган. Министр Эрсой: «Быйыл 42 миллион турист максатыбызды 47 миллион деп жаңыладык»-деди.

«Ватан» гезити «Түркиянын дүйнөлүк экспорттогу үлүшү өстү» аттуу кабарында соода министри Мехмет Муш, Түркиянын товар экспортунда болгондой эле кызмат экспортунда да атын эл аралык коомчулукка тааныткан өлкө экенин айтканын билдирген. Муш: «Дүйнөлүк экспорттогу үлүшүбүз акыркы 20 жылда 4 эседен ашык өстү. Республика тарыхында мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеттик»,- деди.

«Сабах» гезити «TEKNOFEST үчүн саналуу күндөр калды» аттуу кабарында Түркиянын эң ири авиация, космос жана технология фестивалы TEKNOFEST шейшемби күнү Самсун Чаршамба аэропортунда башталып, 4-сентябрдын кечине чейин улана турганын билдирген. Фестиваль быйыл Азербайжандан кийин экинчи жолу өткөрүлүүдө. Фестивалга келе турган миллиондогон адамдар 6 күн бою технология, илим, авиашоулар менен кубанышат.



Тектеш кабарлар