Түрк басма сөзү 15.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1867738
Түрк басма сөзү 15.08.2022

«Стар» гезити «Түркиядан дүйнөгө жаңыра турган демилге» аттуу кабарында Президенттиктин Коммуникация башкармалыгы 12 өлкөдө «Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Реформасы: Эл аралык тартиптин кайрадан түзүлүүсүнө карата мамиле» аттуу панелдик жыйын өткөрө турганын билдирген. Коммуникация башкармалыгынын БУУнун реформасы темасында коомдук дипломатия иш-аракеттерин жүргүзүп жатканын маалымдаган Президенттиктин Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтун панелдер сериясынын эл аралык аренада жаңыра турганын белгиледи.

«Йени шафак» гезити «Улуттук Коргоо министрлигинин Кипр билдирүүсү» аттуу маалыматында Улуттук Коргоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Рум террордук уюму EOKAнын 1958-жылдан бери системалуу түрдө кипрдик түрктөргө кол сала баштаганы эске салынып, «Убакыттын өтүшү менен бул кол салуулар түрктөргө каршы кыйноо жана ырайымсыз өлтүрүү менен геноцидге айланган», деп айтылганын жазган. Билдирүүдө Кипрдеги жалгыз чечимдин эки мамлекеттүү түзүлүш катары каралышы керектиги белгиленди.

«Сабах» гезити «Түркияда коргоо өнөр жайынын жолу ачык» аттуу кабарында Коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир Түркиядагы армия жана коопсуздук күчтөрүнүн дээрлик бардык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн иш-аракеттердин уланып жатканын айтып: «Түркияда коргоо өнөр жайынын жолу ачык»,-дегенин жазган. Түрк коргоо өнөр жайынын акыркы жылдарда чоң секирик жасаганын баса белгилеген Демир: «Дүйнөдө бренд болуу жолунда дагы көптөгөн ийгиликтерге жетише турганыбызга ишенем»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Түркиянын текстиль экспорту 7 айда 6 миллиард доллардан ашты» аттуу маалыматында Түркиянын текстиль жана чийки зат сектору 2022-жылдын январь-июль айларында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 9,5 пайыздык өсүү менен 6 миллиард 119 миллион долларлык экспортту ишке ашырганын билдирген. Ушундайча текстиль жана чийки зат сектору январь-июль айларынын эң жогорку экспортуна жетишти. Ушул жылдын 7 айында болсо сектор Италияга 635 миллион доллар, АКШга 340 миллион доллар жана Испанияга 323 миллион долларлык экспорт жасады.

«Ватан» гезити «Ата мекендик унаага байланыштуу дата берилди» аттуу кабарында Түркиянын Автоунаа демилге тобунун  (TOGG) ишканасынын 29-октябрда Кожаели Гебзеде ачыла турганын билдирген. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «Түркиянын автоунаа заводун 29-октябрда ачабыз. Унааларыбыз массалык түрдө өндүрүлүп чыга баштайт»,-деди.



Тектеш кабарлар