Түрк басма сөзү  12.08.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1866814
Түрк басма сөзү  12.08.2022

«Хабер түрк» гезити «Эрдоган Бештепе Миллет конгресс жана маданият борборунда сөз сүйлөдү» деген кабарында Президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ берген маалыматында : «Түркиянын электр өндүрүү көлөмүнө жылдык 1,9 миллиард киловат саатка жакын салым кошо турган эң жогорку суу сактагычыбыз «Юсуфели» бүтүү баскычына келди»,- дегенин кабарлаган.

«Стар» гезити «Флорес :  Түркиянын ойногон ролуна суктанам» деп билдирип Гватемаланын тышкы иштер министри Флорестин Түркиянын Россия -Украина согушундагы ролуна токтолуп: «Түрк дипломатиясынын бул жерде ойногон ролуна суктандым. Алар абдан маанилүү келишим түзүштү жана дүйнөгө үмүт берди»,-дегенин белгилеген.

«Хүррийет» гезити «Министр Дөнмезден жаратылыш газ тууралуу билдирүү» деген макаласында Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Дөнмездин кечээ Кара деңиз  газы тууралуу берген маалыматында : «Март айында өз газыбызды колдоно алабыз»,- дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Караисмаилоглунан Стамбул аэропорту тууралуу билдирүү» деп жазып,  Транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун Стамбул аэропортунун Европа аэропортторун артта калтырып, биринчилик ордун бекемдеп жаткандыгын белгилеп : «Стамбул аэропорту сыяктуу мега инвестицияларыбыз жана көргөн башка чаралардын жардамы менен суу сактагыч, жол жана каттамдарда кемчиликтерди, кыйынчылыктарды жашабай жатабыз»,- дегенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Түрк аба жолдору июль айында 7,8 миллион жүргүнчү ташыды» деген макаласында

Түрк аба жолдорунун июль айында ички жана тышкы каттамдар болуу менен 7,8 миллион жүргүнчү ташыгандыгын кабарлаган. Жүргүнчү  катнашы 2022 -  жылдын июль айында 86,1 пайыз болду.



Тектеш кабарлар