Түрк басма сөзү 11.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1866429
Түрк басма сөзү 11.08.2022

 

«Хүррийет» гезити «Эрдогандан соода жана коргонуу өнөр жайында кызматташтык билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Словениянын президенти Борут Пахор менен өткөргөн биргелешкен маалымат жыйынында коргонуу өнөр жайы жана соода тармагында кызматташууга басым жасап, «Өткөн жылы эки тараптуу соода көлөмүбүз 2,3 миллиард долларга жетти. Биздин реалдуу потенциалыбызды толук чагылдырбаган бул санды дагы жогору чыгарууну максаттап жатабыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Хебер түрк» гезити «Чавушоглу: «ПКК, ФЕТӨ жана башка террордук уюмдардын пропагандасына каршы күрөшүп жатабыз»» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун 13-Элчилер конференциясында элчилерге кайрылып: «ПККнын да, ФЕТӨнүн да, башка террордук уюмдардын да өлкөбүзгө каршы пропаганда жана айыптоолору менен күрөшүп жатабыз»,-дегенин берген.

«Сабах» гезити «Абдүлхамид Хан дүйнөнүн күн тартибинде» деген кабарында Түркиянын 4-бургулоочу кемеси жана дүйнөнүн 5-чоң кемеси «Абдулхамид Хан» салтанат менен милдетин аткарууга киришкенин маалымдаган.  Греция баш болгон көптөгөн өлкө көргөн аземде президент Режеп Таййип Эрдогандын «Керек болсо укугубузду коргоо үчүн тиштенип алып күрөшүүдөн тартынган жокпуз, тартынбайбыз» деген сөздөрү баш сөз болуп, Греция өкмөттүн өкүлүнөн «Биз сак болушубуз керек» деген билдирүү айтылды.

«Йенишафак» гезити «Түркиянын биринчи SİDAсынын массалык өндүрүшү башталды» аттуу кабарында Түркиянын биринчи куралдуу капитансыз деңиз аппараты (SİDA) 11 метрлик ULAQ прототиби сыноолордо жана машыгууларда ийгиликтүү болгондон кийин, кээ бир өлкөлөрдөн келген суроо-талаптар менен жылына 50 даана өндүрүштүк иштер башталганын маалымдаган.

«Стар» гезити «Балансты өзгөртө турган кадам: Анкарада орун ээленди» аттуу кабарында соода министри Мехмет Муш, чип өндүрүшү басаңдаганда унаа жана компьютер өндүрүшүнүн да басаңдай турганын баса белгилеп: «(Чип өндүрүшү үчүн) бизде да даярдыктар бар. Негизи бул үчүн Анкарада орун бөлүнгөн. Бул маселеге байланыштуу Өнөр жай министрлигинин иштери жүрүп жатат»,-деп айтканын берген.



Тектеш кабарлар