Түрк басма сөзү 8.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1864828
Түрк басма сөзү 8.08.2022

«Йени шафак» гезити «Тышкы иштер министрлиги Израилге каршылык көрсөттү» аттуу кабарында Тышкы иштер министрлиги Израилдин Газага карата 5-августта баштаган жана арасында балдар да болгон көп сандаган жарандын өлүмүнө себеп болгон кол салууларын, израилдик эл өкүлү Итамар Бен-Гвир жана фанатик жөөт топтору тарабынан Израиль полициясынын коргоосу астындагы Акса мечитине жүргүзүлгөн тинтүүнү жана Масжидул Аксада ибадат кылуу аракетин айыптаганын билдирген. Министрлик Израиль өкмөтүнө Хареми Шерифтин статусун жана руханиятын бутага алган мындай аракеттерге жол бербөө чакырыгын кайталады.

«Стар» гезити «Кубраков: Түркияга ыраазымын» аттуу маалыматында Украинанын инфраструктура министри Александр Кубраков, Орусия-Украина согушу башталган февраль айынан бери биринчи жолу дан жүктөө үчүн чет өлкөнүн желеги илинген кеменин Чорноморск портуна келгенин биллдиргенин жазган. Кубраков: «Буга мүмкүнчүлүк берген БУУ жана Түркиядагы кесиптештериме ыраазымын»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Улуттук чалгынчы учкучсуз учуучу аппарат STM TOGAN тапшырылды» аттуу кабарында Коргоо өнөр жайы башкармалыгынын башчысы Исмаил Демир, STM (Коргоо технологиялары инженердик жана соода акционердик коому) тарабынан улуттук каражаттар менен иштелип чыккан мини-чалгынчы учкучсуз учуучу аппарат системасы TOGANдын биринчи тапшыруу ишинин аткарылганын билдиргенин жазган. STM TOGAN чалгындоо жана байкоо салуу иштеринде колдонулат.

«Хабер түрк» гезити «Германияга экспортто рекорд» аттуу маалыматында Түркиянын Германияга экспорту 11 миллиард 121 миллион доллар менен январь-июль айларынын эң жогорку көрсөткүчүнө жеткенин билдирген.

«Ватан» гезити «Бош жаздык да калган жок» аттуу кабарында туризм тармагынын өкүлдөрү, ушул айда 7 миллион чет элдик туристти кабыл алган Антальядагы мейманканалардын август жана сентябрдын ортосуна чейин толугу менен толуп калганын, кээ бир мейманканалардын бош жаздыктары да жок экенин билдиргендерин жазган.



Тектеш кабарлар