Түрк басма сөзү 4.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1863622
Түрк басма сөзү 4.08.2022

«Йени Шафак» гезити «Тышкы иштер министри Чавушоглу орус кесиптеши Лавров менен жолугушту» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун орус кесиптеши Сергей Лавров менен кечээ жолукканын белгилеп: «Ок атышпоо үмүтүнө байланыштуу күтүүлөрүбүздү айттык. Биз мындан ары да биздин аймактын жана бүткүл дүйнөнүн тынчтыгы үчүн күрөшө беребиз»,-деп айтканын берген.

«Ватан» гезити «АКШдан Түркияга дан ташуу боюнча ыраазычылык» деген кабарында Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен дан ташуучу кеме Разонинин келишимдин алкагындагы жылышын кубаттагандарын белгилеп, Түркияга аракетинен улам ыраазычылык билдиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Экспортто жаңы рекорд» аттуу кабарында соода министри Мехмет Муш: «Июль айында экспортубуз өткөн жылдын тийиштүү айына салыштырмалуу 13,4 пайыз өсүп 18,6 миллиард долларга жетти. Бул июль айындагы эң жогорку экспорт көрсөткүчү»,- деди деген маалыматты берген.

«Стар» гезити «Кызматка даяр: Түркия үчүн мунай жана жаратылыш газын издейт» деген макаласында Түркия мунай жана жаратылыш газын издөө иштерин токтоосуз улантып жатканын маалымдаган. «Абдүлхамид Хан» бургулоочу кемеси 9-августка белгиленген азем менен биринчи миссиясын баштайт.

«Хүррийет» гезити «Кушадасына 3 ири кеме менен 8 миң 270 турист келди» деген кабарында Айдындын Кушадасы районунун Эгей Порт портуна кечээ Багама желеги илинген «Odyssey Of The Seas», Италия желеги илинген «Коста Венеция» жана Панама желеги илинген «MSC Armonia» менен 8 миң 270 турист келгенин маалымдаган.

 



Тектеш кабарлар