Түрк басма сөзү 3.08.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1862917
Түрк басма сөзү 3.08.2022

«Хүррийет» гезити «Дан жүктөлгөн Разони кемеси Стамбулдун жээгине токтоду» аттуу кабарында Улуттук коргоо министрлигинен берилген маалыматка караганда, Украинанын Одесса портунан чыккан жүгөрү жүктөлгөн «Разони» кургак жүк ташуучу кеменин Босфордун Кара деңиз кире беришине жетип, якорун түшүргөнүн билдирген.

«Стар» гезити «Чавушоглу: Бул биримдик бүткүл дүйнөгө күчтүү билдирүү» аттуу маалыматында Тышкы иштер, соода жана транспорт министрлеринин Түркия-Өзбекстан-Азербайжан үч тараптуу жыйынында билдирүү жасаган тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: «Түрк дүйнөсүнүн жыргалчылыгын арттыра турган иштиктүү кадамдарга ушул жыйындар менен жол беришибиз керек. Бул жолугушу өзү эле элдерибизге жана бүткүл дүйнөгө да абдан күчтүү билдирүү берүүдө»,-дегенин жазган.

«Ватан» гезити «Алтын жана күмүш кубанычы» аттуу кабарында өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «Чанаккале аймагында учурда 80-100 миллиард долларлык алтын жана күмүш жер астында жатат»,-дегенин билдирген.

«Сабах» гезити «Вишня түстүү мрамор 60 өлкөгө экспорттолууда» аттуу маалыматында Элазыгда дүйнөдө бир гана Алакая районунан чыгарылган вишня түстүү мрамордун Америка, Кытай, Франция, Италия жана Сауд Арабия баш болгон 60 өлкөгө экспорттолуп жатканын жазган. Бул мрамор дүйнөнүн престиждүү жерлеринде, өзгөчө Ак үйдө, АКШ конгрессинин имаратында, Акса мечитинде жана Каабада колдонулууда.

«Йени шафак» гезити «Круизден 6 айда 200 миң жүргүнчү» аттуу кабарында пандемия аяктагандан кийин круиздик туризмдеги кыймылдуулуктун Түркияга пайда алып келгенин билдирген. Жылдын алгачкы 6 айында 286 кеме 200 миңге жакын жүргүнчү менен портторго келип токтоду. 2022-жылы 900 круиздик кеме менен 1,5 миллион туристтин келиши күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар