Түрк басма сөзү 02.08.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1862294
Түрк басма сөзү 02.08.2022

"Сабах" гезити "Процесстин бекем түрдө улантылышы үчүн бардык аракетти жумшап жатабыз" деген кабарында Президент Режеп Таййип Эрдогандын Кабинет жыйынынан кийин берген билдирүүсүндө дүйнө жакындан кызыккан дан кризисинин чечилиши тууралуу ташталган кадамдын толугу менен Түркиянын аракеттери  менен болгону баары тарабынан кабыл алынгандыгын, БУУнун башкы катчысы Антонио Гутерриштин муну Түркияга  ыраазычылык билдирүү менен айткандыгын белгилегенин жазган. Дан ташыган кеменин кечээ Одессадан жолго чыккандыгын эске салган Эрдоган "Түркия  -  Россия -  Украина жана БУУнун кызматташуусу менен иштеген бул процесстин бекем улантылышы үчүн бардык аракетти жумшап жатабыз",- деди. 

"Хүррийет" гезити "Столтенберг : "Бул маанилүү роль үчүн Түркияга ыраазычылык билдирем" деп белгилеп, НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенбергдин Одесса портунан жолго чыккан биринчи дан кемеси тууралуу : "БУУнун ортомчулугу менен түзүлгөн келишимдин негизинде Одессадан Украина данынын ташылышын ыраазычылык менен кабыл алам. Бул маанилүү ролу үчүн союздашыбыз Түркияга ыракмат айтам",- деди. 

"Стар" гезити "Террордук уюмунда чоң кыйроо" деген макаласында террор менен күрөшүү тууралуу маалымат берген Улуттук коргоо министри Хулуси Акардын : "2022 -  жылдын  1 -  январынан тарта 2 миң 226 террорист жок кылынды. Келген чалгындоо маалыматтарына караганда террордук уюмунда олуттуу кыйроо болуп жатат. Террористтердин  эч бири коопсуз эмес",- дегенин  белгилеген. 

"Хабер түрк" гезити "АКШ жана Европанын кургатылган помидору Манисадан" деп жазып, Манисанын Саруханлы жана Тургут райондорунда өстүрүлгөн помидорлор кургатылуу үчүн жайыла башталгандыгын, куругатылган помидорлор АКШ башта болгон Британия, Италия, Германия жана Россияга жиберилип жаткандыгын кабарлаган.

"Йени шафак" гезити " "Антальяга абага жолу аркылуу туристтер келди" деген маалыматында Түркиянын туризминин борбор шаары Антальяга июль айында аба жолу менен 2 миллион 403 миң 992 чет элдик коноктун келгенин, биринчи жети айлык мезгилде келген жүргүнчү саны 6 миллион 688 миң 506га жеткендигин маалымдаган. 

 

 



Тектеш кабарлар