Түрк басма сөзү 30.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1849971
Түрк басма сөзү 30.06.2022

«Сабах» гезити «Эрдоган менен Байдендин жолугушуусу» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Испаниянын Мадрид шаарында өткөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитинде АКШнын президенти Жо Байден менен жолугушканын билдирген. Эрдоган жолугушуу алдындагы билдирүүсүндө: «НАТОну күчтөндүрүү үчүн таштала турган кадамдар өзгөчө Орусия-Украина процессине салым кошот»,-деди. Эрдоган дан коридору тууралуу да: «Биз процессти тең салмактуулук саясаты менен чечкенге аракет кылып жатабыз»,-деп айтты.

«Хүррийет» гезити «Мадриддеги НАТО саммити: 2 өлкөгө НАТО чакыруусу... Түркияга ыраазычылык» аттуу маалыматында Испаниянын борбор шаары Мадридде өткөрүлгөн НАТОнун 32-саммитинен кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө: «Бүгүн биз Финляндия менен Швецияны НАТОго кирүүгө чакыруу жана кошулуу протоколдоруна кол коюу чечимин кабыл алдык»,- деп белгиленгенин жазган. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг саммиттен кийинки билдирүүсүндө Түркияга ырахмат айтып: «Бул келишим Түркия үчүн да, Швеция жана Финляндия үчүн да жакшы келишим»,-деди.

«Стар» гезити «Түркиянын ийгилиги дүйнөнүн күн тартибинде» аттуу кабарында Түркия чечкиндүү позициясынан тайбай, Мадридде Финляндия жана Швеция менен кол коюлган «Үчтүк меморандумда» так ийгиликтерге жетишкенин билдирген. Келишим дүйнөлүк басма сөздө кеңири чагылдырылды. Процессти жакындан байкаган дүйнөлүк басма сөз «Түркия каалаганын алды» деп жазды. The Economist журналы Түркиянын Финляндия менен Швециянын НАТОго талапкерлиги үчүн блокадасын алып салганын билдирип; «Режеп Таййип Эрдоган мекенине жеңиш менен кайтууда»,- деди.

«Ватан» гезити «НАТОдон Түркияга маанилүү миссия» аттуу маалыматында НАТОнун Түркияга бир жылга улана турган маанилүү миссиясын бергенин жазган. НАТОнун мина согушуна каршы деңиз операциялары жана машыгуу иш-аракеттеринен жооптуу НАТОнун Туруктуу минага каршы чараларды көрүү боюнча Деңиз кызмат тобу-2 командирлиги 1 жылга Түркияга өткөрүлүп берилди.

«Йени Шафак» гезити «Стамбул май айында туристтик рекордду жаңылады» аттуу кабарында Стамбул май айында 1 миллион 402 миң 366 чет элдик туристти кабыл алып, акыркы 33 айдын эң көп туристин коноктогонун билдирген. 



Тектеш кабарлар