Түрк басма сөзү 23.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1847245
Түрк басма сөзү 23.06.2022

«Стар» гезити «Түркия менен Сауд Арабиянын биргелешкен билдирүүсү» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган Түркияга келген Сауд Арабиянын мураскор канзаадасы Мухаммед бин Салман менен жекеме-жеке жолугушуу өткөргөнүн маалымдады. Жолугушуудан кийин жарыяланган биргелешкен билдирүүдө эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык, аскердик, коопсуздук жана маданий карым-катнаштарды камтыган эки тараптуу карым – катнаштарда кызматташтыктын жаңы доорун баштоого биргелешкен чечкиндүүлүк эң күчтүү түрдө баса белгиленди.

«Хүррийет» гезити «Алтун: Түркияны терроризм болбой турганына ынандыруу керек» аттуу кабарында Коммуникация башкармалыгынын башчысы Фахреттин Алтундун : «Швециянын НАТОго кириши үчүн жашыл жарыктын жандырылышы, кол салуу болгон учурда швед элин коргоого милдеттенебиз дегенди билдирет. Эгер Швеция үчүн мындай жоопкерчиликти мойнубузга ала турган болсок, Швецияда чогулган акча менен түрк жарандарына террордук кол салуулар жасалбай турганына, Сирияда же Ирактагы террор бункерлеринен  швед куралынын чыкпай турганына бекем ынандырылышыбыз керек»,-деп айтканын баяндаган.

«Йенишафак» гезити «Түркия менен Орусиянын ортосундагы орчундуу жыйын: Биринчи конкреттүү жыйынтыкка жетишилди» деген кабарында Украинадан эгин жүктөлгөн кемелердин чыгышы үчүн жүргүзүлгөн «кызыл сызык дипломатиясынын» алкагында түрк жана орус аскердик делегациялары Москвада жолугушканын жазган. Жолугушуу биринчи конкреттүү жыйынтыгын берди, түрк кургак жүк ташуучу кемеси Украинадан чыкты деген маалыматты берген.

«Ватан» гезити «Түркияда биринчи! DATA ишин баштады» аттуу маалыматында Түркиянын биринчи суу астындагы сыноо инфраструктурасы (DATA) ишке ашырылганын маалымдаган. Сыноо платформасы катары DATA суу астында жүрүүчү кайыктын кереги жок эле суу астындагы ок-дарыларды сынап жана симуляциясын жүргүзө алат. Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк: «DATA маанилүү ок-дарыларды иштеп чыгуу процесстерин тездетет»,-деди.

«Сабах» гезити «Түркия айыл чарба продукциясында Европада биринчи орунда» деген макаласында Стамбулда өткөрүлгөн 8-Түрк-Араб тамак-аш жана азык-түлүк технологиялары жарманкесинде айыл чарба жана токой чарба министринин орун басары Эбубекир Гизлигидердин : «Түркия айыл чарба өндүрүшүндө Европада биринчи, дүйнөдө алдыңкы 10 өлкөнүн ичинде»,-деп айтканын берген.



Тектеш кабарлар