Түрк басма сөзү 16.06.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалысматтар.

1844209
Түрк басма сөзү 16.06.2022

«Йени Шафак» гезити «Эл аралык каттамдар «Түрк аба жолдору» аты менен жасалат» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдоган: «Өлкөбүздүн атын Turkey дегенден Түркияга айландыруу боюнча чечимибизди ийгиликтүү ишке ашырдык, эми башка тармактарда да ушундай ыкманы колдонобуз»,-деп айтып: «Улуттук авиакомпаниябыз эми эл аралык каттамдарын Turkish Airlines эмес, Түрк аба жолдору аты менен жасайт»,-дегенин баяндаган.

«Хүррийет» гезити «Чавушоглу: Швеция жана Финляндияга байланыштуу тынчсызданууларыбызды билдирдик» деген кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгүнө байланыштуу Түркиянын тынчсызданууларын ачык билдиргенин белгилеп, террорго колдоо көрсөткөн бул эки өлкөнүн тынчсызданууларды жоюу үчүн кадам таштоосун күткөндөрүн айтканын маалымдаган. Чавушоглу: «Бул өлкөлөр биздин тынчсызданууларыбызды канааттандырышы керек. Топ азыр карама-каршы мамлекеттерде»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркиянын Жер Ортолук деңиз, Эгей жана Кара деңиздердеги энергетикалык күчү дүйнөдө теңдешсиз» аттуу макаласында Түркиянын Чыгыш Жер Ортолук, Эгей жана Кара деңиздердеги энергетикалык флоту өсүп жатканын маалымдаган. «Абдүлхамит Хан» бургулоочу кеменин флотко кошулушу менен бургулоочу кемелердин санын 4кө жеткирген Түркиянын деңиздердеги энергетикалык чалгындоо күчү өсүүнү улантууда. 2 сейсмикалык изилдөө кемеси бар Түркия бул күчкө ээ болгон дүйнөдө саналуу өлкөлөрдүн арасында.

«Стар» гезити «Дүйнө Түркиянын ролуна үңүлдү» деген кабарында Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысынын басма сөз катчысы Стефан Дужаррик, Кара деңизден Украина данынын алынышы темасында Түркия менен тыгыз байланышта болгондорун, тыгыз кызматташкандарын жана бул темада түрк армиясынын ролунун маанилүү экенин айтканын маалымдаган.

«Хабер түрк» гезити «TOGG унаадан да көптү сунуш кылат» деген кабарында Түркиянын Автомобилдик демилгечи группасынын (TOGG) улук жетекчиси (CEO) Мехмет Гүржан Каракаштын кийинки жылы транспортко чыга турган  ата мекендик унааны чыгаруу үчүн акылдуу унаадан да көптү максат кылып мобилдүүлүк экосистемасынын бир бөлүгү болгон акылдуу аппаратты долбоорлоп жатышканын айтканын баяндаган. Каракаш:  «TOGG Smart Life» деп атаган кызматтарыбыз менен  унаадан да көптү сунуштап жатабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар