Түрк басма сөзү 09.05.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1823836
Түрк басма сөзү 09.05.2022

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Биздин армия чек арада катачылыкка жол берген жок» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын чек ара линиясында иликтөө жана текшерүү иштерин жүргүзүп жаткан улуттук коргоо министри Хулуси Акар менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн билдирген. Эрдоган коопсуздук күчтөрүнө кайрылып: «Армиябыз ушул убакка чейин чек ара тилкесинде кичинекей катага дагы жол берген жок. Армиябыздын мүчөлөрү сиздерге өзүмдүн жана улутумдун атынан алкыш айтам. Бул аракеттериңиз тарыхта унутулбайт»,-деди.

«Ватан» гезити «Түркия Швейцариядагы кол салууну айыптады» аттуу маалыматында Швейцариянын Базель шаарында кечээ 23-апрель Эл аралык балдар майрамына карата уюштурулган иш-чарада жикчил террордук уюм ПККнын жактоочулары түрк жарандарына кол салышканын жазган. Тышкы иштер министрлиги кол салууну катуу айыптап: «Террордук уюм жана колдоочуларынын Европанын чок ортосунда балдар майрамын бутага ала тургандай ырайымсыз болушу террордук уюмдун жийиркеничтүү жүзүн эл аралык коомчулукка дагы бир жолу көрсөттү»,-деп билдирди.

«Стар» гезити «Түркия Евробиримдикке мүчө болгондо бул согуштун алдын алмак» аттуу кабарында тышкы иштер министринин орун басары жана Европа Биримдиги (ЕБ) боюнча төрага элчиси Фарук Каймакжы Түркиянын Европа Биримдигине мүчөлүгүнүн үчүнчү өлкөлөр үчүн да чоң утуш болоорун айтканын жазган. Каймакжы: «Түркия Европа Биримдигине мүчө болгондо Украинадагы согуштун алдын алуу оңой болмок. Анткени Батыш үчүн маанилүү тема баш тарттыруучулук»,- деди.

«Йени Шафак» гезити «Европалыктар Ыраакы Чыгышка караганда Түркияны артык көрүшөт» аттуу маалыматында Стамбул Соода палатасынын (ITO) төрагасы Шекиб Авдагич, өндүрүш жана заказдарда Түркияга болгон кызыгуунун Ковидден кийин да уланганын айтканын жазган. Ыраакы Чыгышта, өзгөчө Кытайда коронавирус учурларынын кайрадан көбөйүп жатканын эске салган Авдагич: «Ошондуктан европалыктардын Түркия сыяктуу кепилдиктүү рынокторго буйрутма берүүсү уланууда. Түркиянын баа, сапат жана камсыз кылуу жагынан абдан жакшы көрсөткүчтөрү бар»,-деди.

«Хабер түрк» гезити «Биринчи 4 айда айыл чарба экспорту 24 пайызга өстү» аттуу кабарында жылдын биринчи 4 айында Түркиянын айыл чарба экспорту өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24 пайызга өсүп 11 миллиард 127 миллион долларга жеткенин билдирген. Өлкөнүн айыл чарба экспорту апрель айында да өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 17,6 пайызга өсүп 2 миллиард 765 миллион доллар болду.



Тектеш кабарлар