Түрк басма сөзү 16.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1796254
Түрк басма сөзү 16.03.2022

«Хабер түрк» гезити: «Түркия бардык тараптар менен сүйлөшө алат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын чек араларынын сыртында да ишеним, тынчтык жана үмүттүн символу болуп калганын айтканын жазган. Эрдоган: «Биз бардык тараптар менен гуманитардык жана саясий карым-катнаштарды үзгүлтүккө учуратпай сүйлөшүүгө жетишкен өлкөлөрдүн бирибиз»,- деди.

«Хүррийет» гезити: «Эрдоган: дипломатияда борбор өлкө Түркия» аттуу маалыматында президент Эрдогандын Орусия менен Украинанын ортосунда ок атышпоонун камсыздалышы үчүн интенсивдүү дипломатия жүргүзүп жаткандарын жана демилгелерин уланта тургандарын белгилегенин кабарлаган. Эрдоган Түркиянын дипломатия темасында да борбор өлкө катары позициясын сактап турганын баса белгиледи.

«Стар» гезити: «Зигмар Габриэл Батышка Патриот боюнча каршылык көрсөттү» деген кабарында Германиянын мурдагы тышкы иштер министрлеринин бири Зигмар Габриэль, Түркияга Patriot абадан коргонуу системаларынын берилбегени боюнча жеке сынын айтканын жазган. Патриоттордун Түркияга берилбешин туура көрбөгөнүн баса белгилеген Габриэль: «НАТО өнөктөшүнө абадан коргонуу ракеталарынын берилишине эмне каршы болушу мүмкүн? Эч нерсе»,-деди.

«Йени шафак» гезити: «Германия менен 5 тармакта кызматташтык» аттуу маалыматында Түркия менен Германиянын ортосундагы 50 миллиард долларлык соода максаты үчүн кадам ташталганын жазган. Буга ылайык, кайра жаралуучу энергия, климаттын өзгөрүшү менен күрөшүү, жашыл трансформация, жасалма интеллект жана санариптештирүү сыяктуу 5 жаңы багытта эки тараптуу кадамдар ташталат.

«Ватан» гезити: «Армения Түркия менен чек арасын ачууну каалайт» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавучоглунун өткөн аптада Анталья дипломатия форумунун алкагында Армениянын тышкы иштер министри Арарат Мирзоян менен жолугуп, сүйлөшүүлөрдүн конструктивдүү болгонун билдиргенин жазган. Армениянын Тышкы иштер министрлиги Ереван жетекчилигинин Түркия менен дипломатиялык алака түзүүгө жана чек араларды ачууга даяр экенин билдирди.



Тектеш кабарлар