Түрк басма сөзү 03.03.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1789052
Түрк басма сөзү 03.03.2022

«Стар» гезити «Челик: Түркия дипломатиялык ачкыч өлкө» аттуу кабарында Адилеттик жана өнүгүү партиясынын басма сөз катчысы Өмер Челиктин: «Украинага болгон кол салуу адилетсиз жана мыйзамсыз. Президентибиз Украина кризисинин үстүндө иштеп жатат. Ок атышпоонун камсыздалышы үчүн сүйлөшүүлөр уланууда. Дипломатиялык жактан ачкыч өлкө Түркия болуп саналат»,-деп айтканын баяндаган.

«Йени шафак» гезити «THY жарыялады: Украинадагы түрк жарандары үчүн эвакуация каттамдары» аттуу кабарында Украинанын аба мейкиндигинин жабыктыгына байланыштуу кургактыктан Румыниянын борбор шаары Бухарестке жеткирилген түрк жарандары Түрк аба жолдорунун эвакуация каттамдары менен Түркияга алып келинүүдө экендигин маалымдаган.

«Хүррийет» гезити «Евровидениенин жеңүүчүсү украиналык Жамаладан Түркияга ыраазычылык» деген кабарында 2016-жылы Евровидениеде жеңген крымдык түрк ырчысы Жамала эки баласы менен Украинадан Стамбулга келип, Түркияга баш калкалаганын маалымдаган. Басма сөзгө билдирүү жасаган Жамала президент Режеп Таййип Эрдоганга ыраазычылык билдирип: «Бизди түрктөр куткарды. Стамбулдан Румыния чек арасына чейин келип, аман-эсен Стамбулга алып келишти»,-деди.

«Сабах» гезити «Чавушоглу: Сириялыктардын кайтарылышы үчүн биргелешип иштеп жатабыз» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун Иорданиянын вице-премьер-министри, тышкы иштер жана чет өлкөдө жашаган иорданиялыктар министри Айман Сафади менен жолугушкандан кийин: «Сириялыктардын Сирияга ыктыярдуу жана аман-эсен кайтуулары үчүн биргелешип иштеп жатабыз. Бул темада министрилер деңгээлиндеги конференцияны да Түркияда өткөрүүнү каалайбыз»,-деп айтканын баяндаган.

«Ватан»гезити «Министр Муш: Бардык мезгилдердин эң жогоркусу» деген маалыматында соода министри Мехмет Муштун: «Экспортубуз өткөн жылдын февраль айына салыштырмалуу 25,4 пайыз өсүп 20 миллиард долларга жетти. Бул бардык мезгилдердин эң жогоркусу»,дегенин берген.

 



Тектеш кабарлар