Түрк басма сөзү 14.02.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1778013
Түрк басма сөзү 14.02.2022

«Ватан» гезити: «Шуша декларациясы күчүнө кирди» аттуу кабарында Азербайжандын Шуша шаарында 2021-жылдын 15-июнунда кол коюлган Түркия менен Азербайжандын ортосундагы союздаштык карым-катнаштары боюнча Шуша декларациясынын бекитилишине байланыштуу мыйзам расмий гезитте жарыяланганын жазган. Буга ылайык, Азербайжан менен Түркия аскердик жана коргонуу тармагында биргелешип кызматташат.

«Хүррийет» гезити: «Түрк аба жолдорунан Украинага каттамдар тууралуу билдирүү» аттуу маалыматында Түрк аба жолдорунун (THY) Украинадагы кырдаалдан улам бул өлкөгө билет алган жүргүнчүлөрдүн билетин кайтаруу жана алмаштыруу укугу берилгенин жарыялаганын кабарлаган. Жетекчилер каттамдардын уланып жатканын да билдиришти.

«Сабах» гезити: «100 өлкө Түркиядан даяр кийим сатып алуу үчүн келди» аттуу кабарында Стамбулда 9-11-февраль күндөрү өткөрүлгөн Стамбул Fashion Connection даяр кийим жана мода жарманкеси (IFCO) зыяратчылардын агымына толгонун жазган. Жарманкеге 600гө жакын фирма жана 3 миңден ашуун сатып алуучу катышты. 25 миң зыяратчы кыдырган жарманкеге 100 өлкөдөн сатып алуучулар келди.

«Хабер түрк» гезити : «Булгаары экспортунда өсүү» аттуу маалыматында Түркиянын булгаары секторунун январь айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,5 пайыздык өсүү менен 133,3 миллион долларлык экспортко жетишкенин билдирген. Өткөн айда булгаары өнүмдөрү экспорттолгон алдыңкы 3 өлкө Германия, Орусия жана Италия болду. Германияга 24,2 пайыздык өсүү менен 12,8 миллион доллар, Орусияга 21,4 пайыздык өсүү менен 10,8 миллион доллар жана Италияга 71,4 пайыздык өсүү менен 9,4 миллион долларлык экспорт жасалды.

«Йени шафак» гезити: «Түркия жашылдандырууда Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү» аттуу кабарында Токой инженерлери палатасынын төрагасы Хасан Түркйылмаз Түркиянын эң көп токой өстүргөн өлкөлөрдүн рейтингинде Европада биринчи, дүйнөдө төртүнчү экенин айтканын жазган. Түркйылмаз: «30 жыл мурда Түркиянын 19 миллион 780 миң гектар жерин токойлор каптаган. Бүгүнкү күндө 22,9 миллион гектар жер токойлор менен капталды. Бул аздык кылат, бирок биз туура жолдо баратабыз», - деди.



Тектеш кабарлар