Түрк басма сөзү 2.02.2022
Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

«Сабах» гезити: «Эрдоган: Ливандын жанында болууну улантабыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын кечээ Ливандын премьер-министри Нежиб Микати менен борбор шаар Анкарада өткөргөн биргелешкен маалымат жыйында Түркиянын Ливандын жанында болууну уланта турганын баса белгилеп: «Өткөн жылы соода көлөмүбүз 80 пайыздык өсүү менен 1,8 миллиард долларга жетти. Биз бул санды көбөйтүү кадамдарын талкууладык. Фирмаларыбыз Бейрут портун жаңылоо менен бирге Ливанга инвестиция салууга даяр»,-дегенин жазган.
«Хүррийет» гезити: «Министр Акар Азербайжандын коргоо министри Хасанов менен жолугушту» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын кечээ борбор шаар Анкарада Азербайжандын коргоо министри генерал Закир Хасанов менен жолугушканын билдирген. Жолугушууда эки тараптуу, аймактык коргонуу жана коопсуздук маселелери менен коргонуу өнөр жайы тармагындагы кызматташтык талкууланды.
«Стар» гезити: «Түркия менен карым-катнаштарын расмий түрдө союздаштык деңгээлине көтөрүштү» аттуу кабарында Азербайжандын Улуттук парламенти Түркия менен Азербайжандын ортосундагы карым-катнаштарды расмий түрдө шериктештик деңгээлине жеткирген Шуша декларациясын кабыл алганын билдирген. Шуша декларациясына 2021-жылдын 15-июнунда Карабахтын символикалык шаары Шушада президенттер Режеп Таййип Эрдоган менен Илхам Алиев кол коюшкан.
«Ватан» гезити: «Министр Чавушоглу Орусиянын Анкара элчиси Ерхов менен жолугушту» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглунун кечээ Орусиянын Анкарадагы элчиси Алексей Ерхов менен жолугушканын жазган. Жолугушууда эл аралык маселелер жана эки тараптуу карым-катнаштар талкууланды.
«Хабер түрк» гезити: «Жеди Осман НБАда 12 ассист менен карьера рекордун жаңылады» аттуу кабарында Америка Баскетбол лигасында (НБА) Кливленд Кавальерс үчүн ойногон Седи Османдын 93-90 эсебинде жеңген New Orleans Pelicans оюнунда 12 ассист менен карьера рекордун жаңылаганын билдирген.