Түрк басма сөзү   25.1.2022

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача малыматтар.

1767734
Түрк басма сөзү   25.1.2022

«Ватан» гезити «Өмер Челиктен Россия  -  Украина кризиси тууралуу баа берүү» деген макаласында Адилеттик жана Өнүгүү партиясынын төрага орун басары жана партиянын катчысы Өмер Челиктин кечээ берген билдирүүсүндө президент Р. Т. Эрдогандын Россия жана Украина тууралуу берген билдирүүлөрүнө дүйнөдөн күчтүү жооптордун келгендигин айтканын жазган. Челик : «Көптөгөндөрү бир гана кризистин бир тарабына үн катып жатса, бир гана Түркия кризистин эки тарабына тең тактап айтканда Украина жана Россия тарабында да оң кабыл алынган билдирүүлөрдү берип, эркти ортого сала алууда»,- деди.

«Сабах» гезити «Министр Кожадан үмүт берген омикрон билдирүүсү» деп жазып, Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын кечээ берген билдирүүсүндө : «Омикрон варианты эпидемиянын акырына  чыгышына үмүт болушу мүмкүн. Илимий изилдөөлөрдүн  жыйынтыктарына караганда вакцина алган кишилер омикрон менен беттешкенде оорудан оңой  -  олтоң өтөт жана иммунитет деңгээли жогорулайт. Вакцинаны алып эртеңки күн үчүн үмүттүү болуңуз. Эпидемия күн тартибинен чыгат»,- деди.

«Стар» гезити «Өлкөбүздүн жана Түркиянын кызыкчылыктарынын коргоочусубуз" деген макаласында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын премьер  - министри жана Улуттук Биримдик партиясынын лидери  Фаиз Сужуоглунун кечээ берген билдирүүсүндө : «Биз түрк улутунун түштүктөгү бир бөлүгүбүз. Тактап айтканда коргоочусубуз.  Көгүлтүр мекендин так ортосунда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Түркиянын кызыкчылыктарын коргойбуз»,- дегенин билдирген.

«Хүррийет» гезити «Тесладан Түркия аракети» деп билдирип, электр унаа гиганты Тесла Түркияда түптөгөн «Тесла Моторс» аттуу фирмага байланыштуу үч маанилүү кадам жасаганын жазган. Фирманын жогорку башкаруучусу мындан мурда Lufthansa Түркия  -  Ирактын жогорку башкаруучусу болуп кызмат кылган Кемал Гечер болду. Фирма ылдам түрдө   реструктуризациясын аяктап, быйыл Model X, Model Y, Model 3 жана Model S деп аталган 4 моделин сатыкка чыгарат.

«Хабер түрк» гезити «Иштетилбеген болот өндүрүшүндө рекорд» деген маалыматында Түркиянын иштетилбеген болот өндүрүшү өткөн жылы 2020 -  жылга салыштырганда 12, 7 пайыздык өсүү менен 40 миллион тоннадан ашып, бардык убактардын эң жогорку өндүрүш көлөмүнө жеткендигин билдирген.



Тектеш кабарлар