Түрк басма сөзү 10.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1759829
Түрк басма сөзү 10.01.2022

«Сабах» гезити: «Түркия Казакстанга колдоо көрсөтүүгө даяр» аттуу кабарында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Казакстандын тез арада ырааттуулук, бакубаттык жана тынчтыкка жетүүсүн үмүт кылгандарын айтканын жазган. Түркия жана Түрк Мамлекеттери Уюму катары Казакстанга ар тараптан колдоо көрсөтө тургандарын баса белгилеген Чавушоглу: «Түрк дүйнөсүнүн көйгөйү биздин көйгөйүбүз. Муну Карабах жеңишинде бүт дүйнө көрдү»,-деди.

«Сабах» гезити: «Turkovacка чоң кызыгуу» аттуу маалыматында коронавируска (Ковид-19) каршы иштелип чыккан ата мекендик вакцина Turkovac 30-декабрдан тарта бардык шаардык ооруканаларда колдонула баштап, жарандар вакцинага чоң кызыгуу көрсөтүшкөнүн билдирген. Акыркы жумада ооруканалардан алынган эмдөөлөрдүн 50 пайызын Turkovac түздү. Ата мекендик вакцина дүйнөнүн көптөгөн аймактарында да үмүт болот деп күтүлүүдө.

«Стар» гезити: «Өнөр жай секторунда тарыхый жетишкендик» аттуу кабарында Түрк өнөр жай секторунун өткөн жылы 170 миллиард доллардан ашкан тышкы сатуу менен экспортто тарыхый өсүүгө жетишкенин жазган. Өнөр жай тобуна кирген бардык 16 сектор өткөн жылы экспортун көбөйттү. Ушундайча өнөр жай тобунун бардык тармактары 2021-жылы экспортко багыт алышты. Өткөн жылы өнөр жай экспортунун тармактарына эң көп суроо-талап Германиядан келди.

«Хүррийет» гезити: «Түркия ден-соолук туризминде тартуучу борбор» аттуу маалыматында Түркияда 2020-жылы 1 миллионго жакын эстетикалык операциялар жасалганын билдирген. Хирургиялык эмес операцияларда ботокс, хирургиялык операцияларда болсо мурунга жасалган операциялар биринчи орунду ээледи. Түркия эстетика боюнча эң көп чет элдик бейтапка кызмат кылган экинчи өлкө болду. Киреше деңгээли жогору чет элдиктер пластикалык операция үчүн Түркияны тандашууда.

«Йени Шафак» гезити: «Ата мекендик унаа быйыл массалык өндүрүшкө даяр болот» аттуу кабарында Түркиянын унаасы TOGG рынокко чыкканда 200дөн 3400 ат күчү менен 0дөн саатына 100 километр ылдамдыкка 4,8 секундда жетип, 500 чакырым аралыкка жүрө ала турганын билдирген. TOGGдо бардык функциялар мобилдүүлүк экосистемасына бириктирилет. Автоунаа 2022-жылдын 4-чейрегинде массалык өндүрүшкө даяр болуп, сертификация иштери аяктагандан кийин 2023-жылдын 1-чейрегинде массалык өндүрүш башталат.



Тектеш кабарлар