Түрк басма сөзү 06.01.2022

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1757964
Түрк басма сөзү 06.01.2022

«Хүррийет» гезити «Министр Чавушоглу НАТОнун баш катчысы менен сүйлөшүү өткөрдү» аттуу маалыматында тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу кечээ НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн маалымдаган. Чавушоглу менен Столтенберг НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынынын алдында телефон аркылуу пикир алмашышты. Жыйында 12-январда боло турган НАТО-Орусия жолугушуусуна чейинки акыркы абал талкууланды.

«Стар» гезити «Түркия менен Армениянын жолугушуу күнү аныкталды» деген кабарында Тышкы иштер министрлиги Түркия менен Армениянын атайын өкүлдөрүнүн биринчи жолугушуусунун 14-январда Орусиянын борбор шаары Москвада өтөөрүн билдиргенин маалымдаган.

«Сабах» гезити «Министр Кожадан Omicron билдирүүсү» аттуу кабарында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожа кечээ Твиттер баракчасынан: «Омикрон варианты менен ооругандардын саны көбөйгөнүнө карабастан, ооруканага жаткырылгандардын санында кооптондурарлык өсүш жок»,-деп билдирүү жасаганын баяндаган.

«Ватан» гезити «Караисмаилоглу: Электрондук экспортто алдыңкы өлкөлөрдүн бири болуу үчүн жаңы стратегияларды иштеп чыгуудабыз» деген кабарында транспорт жана инфраструктура министри Адил Караисмаилоглунун:«Өлкөбүздү электрондук экспортто алдыңкы өлкөлөрдүн арасына чыгаруу үчүн жаңы стратегияларды чыгаруудабыз, ушундай заманда технологиялык көз карандысыздык да улуттук эгемендүүлүгүбүздүн кепилдиги»,- деп айтканын берген.

«Йени шафак» гезити «Түрк автомобиль өнөр жайынын 2021-жылдагы экспорту 29,3 миллиард долларга жетти» аттуу маалыматында Түрк экономикасынын локомотив сектору болгон жана 2021-жылды экспорттун лидери катары жабуу менен катары менен 16-чемпиондугун жарыялаган автомобиль өнөр жайы өткөн жылы 29,3 миллиард долларлык тышкы сатууну ишке ашырганын маалымдаган.



Тектеш кабарлар