Түрк    басма сөзү   24.12.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1752043
Түрк    басма сөзү   24.12.2021

«Сабах» гезити «Эрдогандын таштаган кадамы менен түрк лирасы күчтөндү» деген кабарында президент Р. Т. Эрдогандын экономикада таштаган кадамы менен банктардагы валюта менен корголгон түрк лирасы мөөнөттүү депозит эсептерине  10 миллиард түрк лирасы өтөрүлгөндүгүн жазган. 700 миллион долларлык валюта эсеби да түрк лирасына айлануу үчүн банктарга кайрылды. Доллар, евро жана алтын бааларында рекорддук төмөндөшүнө тең келген чегинүү жана Эрдоганга болгон ишеним менен экономикада түрк лирасын ылдам күчтөндүргөн абалдар болду.

«Хүррийет» гезити «Саламаттыктык сактоо министри Кожадан Түрковак кабары» деген маалыматында Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын массалык өндүрүшкө өткөн, Ковид  - 19га каршы Түрковактын илим дүйнөсү үчүн кызыктуу экендигин айтканын белгилеген. Кожа : «Вакцина үчүн Түрковакты күткөндөргө жана  Түрковакты тандай тургандарга : бул күрөштө өз вакцинаңыз менен күрөшөсүздөр деп айткым келет»,- деди.

«Ватан» гезити «Түркия дүйнө базарларынын борбору болот» деп жазып, казына жана каржы  министри Нуреддин Небатинин Түркия экономика моделинин демократиялык салттары болгон, эркин базар экономикасына караштуу бир модель экендигин айтканын белгилеген. Министр Небати : «Түркия инфраструктурасын бүтүргөн, логистикасын ишке ашырган жана дүйнөлүк базарлардын борбору болгон өлкө»,-деди. Министр Небати Түркиянын экономикалык инфраструктураны өнүктүрүүдө чоң жетишкендиктерди көрсөткөнүн белгиледи.

«Стар» гезити «Түркия өндүрүш борбору жана камсыздоо базасы болуу үчүн маанилүү кадам таштады» деген кабарында Стамбул университетинин мугалими, профессор Сефер Шенердин Ковид  - 19  эпидемиясынан кийин экономикадан саясатка чейин бардык тармактарда жаңы дүйнө тартибине өтүүнүн ылдамдагандыгын, Түркиянын абалды пайдага айландырып өндүрүү борбору жана камсыздоочу база болуу үчүн классикалык экономика түшүнүгүнүн тышына чыккандыгын белгиледи. Шенер : «Бүткүл дүйнөдө жогорулаган инфляциянын алдында акча саясаттары катаалдашып, Түркиянын алдыңкылыгы өндүрүш жана жумуш менен камсыз кылууну арттыруу менен өсүүнү камсыз кылуу болгондугун баса белгиледи.

«Йени Шафак» гезити  «Босния - Герцеговина командири улуттук учкучсуз аба аппараты борборун кыдырды» деген маалыматында Босния - Герцеговинанын Башкы штабынын төрагасы генерал - лейтенант Сенад Масовичтин Байрактар улуттук учкучсуз аба аппараттын  изилдөө,  өнүктүрүү жана өндүрүш кампусун зыярат кылгандыгын жазган.  Масовичти сапарында Байкар технологиясынын лидери Селчук Байрактар коштоду. Селчук Байрактар сапар тууралуу соцтармактан берген маалыматында Босния  - Герцеговинанын  биринчи президенти Алия Иззетбеговичтин : «Жер жүзүнүн мугалими болбостон көк жүзүнүн окуучусу болуу керек»,- деген сөзүн жазды.



Тектеш кабарлар