Түрк басма сөзү 8.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1744411
Түрк басма сөзү 8.12.2021

«Хүррийет» гезити «Эрдоган: Перс булуңундагы бардык элдер биздин өз бир тууганыбыз» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдоган менен Катардын эмири шейх Тамим бин Хамед Аль Танинин Эмираттагы бетме-бет жолугушуусунан кийин эки өлкөнүн министрликтеринин ортосунда 15 биргелешкен келишимге кол коюлганын билдирген. Келишимдерден кийин Катар-Түрк күчтөрү командирлигин зыярат кылган президент Эрдоган: «Биз Түркия катары Катар менен биргеликте Перс булуңу аймагынын тынчтык жана бейпилдигине чоң маани беребиз. Бул жерлерде чыңалууну каалабайбыз. Булуңдагы бардык элдер тегине жана секталарына карабастан биздин өз бир тууганыбыз»,-деди.

«Йени Шафак» гезити «Британиядан Түркияга билдирүү: «Союздаш болууга даярбыз» аттуу маалыматында Британиянын Коргоо жана коопсуздук форумунун жетекчиси Ольга Майтланд Түркиянын улуттук коопсуздук тармагында таштаган кадамдарына басым жасап, Британиянын Түркия менен бул тармакта маалымат бөлүшүүгө даяр экенин жана Түркиянын шериктеш катары кабыл алынышы керектигин баса белгилегени жазган.

«Стар» гезити «Талибандан түрк компанияларына чакырык» аттуу кабарында Ооганстанда Талибан башкаруусунун суу жана энергетика министринин орун басары Мучибуррахман Өмер дүйнөнүн төрт тарабынан келген инвесторлорго, өзгөчө түрк инвесторлоруна «Келгиле, өлкөбүзгө инвестиция салгыла» деп чакырганын билдирген.

«Сабах» гезити «Түркиянын учуу желеси 335 багытка жетти» деген маалыматында Жарандык авиация тармагындагы өнүгүүлөр менен «дүйнөнүн эң чоң учуу желесине» ээ болгон өлкөлөрдүн бири Түркия, 2003-жылы 50 өлкөдө 60 багытка учкан болсо, бүгүнкү күндө 128 өлкөдө 335 багытка жеткенин белгилеген.

«Хабер түрк» гезити «MSC Cruises 2022-жылы Түркияга кайтып келет» аттуу кабарында Түркиянын 2022-жылдын жай айларында MSC Cruisesтин Жер Ортолук деңиз саякат программасына кайтып келерин жазган. Айдындын Кушадасы району деңизде эс алган коноктор үчүн биринчи жолу порт болот. MSC Cruisesтин башкаруучу директору Анжело Капурро: «Биз Түркияга кайтып келгенибизге абдан кубанычтабыз»,-деди.



Тектеш кабарлар