Түрк басма сөзү 2.12.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1741816
Түрк басма сөзү 2.12.2021

«Хабер түрк» гезити «Экономикада жаңы стратегия» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркиянын жогорку пайыздардан баш тартып, өндүрүш жана экспортко артыкчылык берген стратегияга өткөнүн айтканын баяндаган. «Өлкөбүздүн дүйнөдө өсүүсүн уланткан дээрлик жалгыз экономикага айланышы боюнча бул өзгөрүүгө карыздарбыз»,- деген Эрдоган: «2021-жылды эки орундуу өсүү менен жыйынтыктайбыз»,-деди.

«Хүррийет» гезити «Министр Кожа: Эпидемиянын аягы алсыз варианттар менен келет» аттуу маалыматында саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын социалдык медиадан жасаган билдирүүсүндө: «Вирустар сасык тумоого себеп болгон инфлюэнца сыяктуу убакыттын өтүшү менен өзгөрөт. Биздин күрөшүбүзгө жана өзгөрүп жаткан шарттарга каршы вирус да аман калуу үчүн күрөшөт. Коронавирустун жаңы түрүндө (Ковид-19) жаңы варианттар боюнча кооптонуулар болушу мүмкүн, бирок эпидемиянын аягы алсыз варианттар менен келерин унутпаңыз»-дегенин баяндаган.

«Йени Шафак» гезити «Түрковак аяктап калды» деген кабарында шашылыш түрдө колдонууга уруксатты күтүп жаткан атамекендик Ковид-19 вакцинасынын эки объектте массалык өндүрүшүнүн инфраструктурасы аяктаганын жазган. Түркиянын Дары-дармек жана медициналык аппараттар агенттигинин лабораторияларына жөнөтүлгөн атамекендик Ковид вакцинасынын декабрдын орто ченинде уруксатты алышы күтүлүүдө. Массалык өндүрүштөн кийин вакциналар дагы 14 күндүк сыноодон өтүп, рынокко чыгарылат.

«Стар» гезити «Польша: Түрк SİHAларын сатып алуу маанилүү келишим» аттуу кабарында Польшанын президенти Анджей Дуда Түркиянын куралдуу учкучсуз учуучу аппараттарын (SİHA) сатып алуунун маанилүү келишим экенин айтканын маалымдаган. Дуда Түркия менен болгон жакшы карым-катнаштардын жана коопсуздук жаатында ташталган кадамдардын мындан ары да улана турганын белгиледи.

«Сабах» гезити «Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Түркиядан глобалдык операцияларды жүргүзөт» деген кабарында БУУнун гуманитардык кризиске жооп берүү борбору болгон Гуманитардык иштер координация кеңсесинин (OCHA) Түркияда кеңсесинин ачылышын караган келишим бекитилгенин маалымдаган. Келишим менен OCHA Женевадагы глобалдык операциялардан жооптуу түзүмүн Стамбулга көчүрүүгө даярданууда. Ошентип, БУУ аймактагы, өзгөчө Сириядагы гуманитардык трагедияларга дагы активдүү кийлигише алат.

 

 

 

 



Тектеш кабарлар