Түрк басма сөзү 29.11.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1739988
Түрк басма сөзү 29.11.2021

«Хүррийет» гезити: «Эрдоган: Террор менен күрөшүүдө эл аралык кызматташтык абдан маанилүү» аттуу кабарында террор менен күрөшүүдө аймактык жана эл аралык кызматташтыктын өтө маанилүү экенин баса белгилеген президент Эрдоган: «Террордук уюмдар арасында эч кандай айырмачылык кылбастан күрөшүбүздү улантышыбыз керек»,-деп билдиргенин жазган. Эрдоган: «Аймагыбыз ПКК, ЙПГ, Фетуллахчы террор уюму (ФЕТӨ), ДЕАШ сыяктуу террордук уюмдардан тазаланган сайын тынчтык, ырааттуулук жана экономикалык өнүгүү ылдамдайт»,-деди.

«Йени Шафак» гезити: «Эрдогандын дос жана боордош өлкөлөргө Түндүк Кипр чакырыгы» аттуу маалыматында президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөрүлгөн Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-Саммитинде сүйлөгөн сөзүндө, Кипр маселесинде чечүүчү жолдун ачкычы кипр түрк элинин эгемендик теңдигин жана бирдей эл аралык статусун таануу экенин белгилегенин жазган. Эрдоган: «Бардык дос жана боордош өлкөлөрдүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) чечүүчү көз карашын баалашын каалаймын»,-деди.

«Стар» гезити: «Түндүк Кипр Эрдоганга ыраазычылык билдирди» аттуу кабарында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) президенти Эрсин Татар: «Женевада биринчи жолу сүйлөшүү үстөлүнө койгон эгемендик тең укуктуу, эки башка мамлекетке негизделген чечим сунушубуз дагы деле уланып жатканда президент Режеп Таййип Эрдогандын Түркмөнстандагы Экономикалык Кызматташтык Уюмунун 15-Саммитте сүйлөгөн сөзүндө «Бардык дос жана боордош өлкөлөрдүн Түндүк Кипр Түрк Республикасынын чечүүчү көз карашын баалашын каалаймын» деген чакырыгы бизге күч-кубат берди»,- дегенин жазган.

«Хабер түрк» гезити: «Иран-Түркия карым-катнаштарын көп багытта өнүктүрүү чечими кабыл алынды» деген маалыматында Ирандын тышкы иштер министри Хусейн Эмир Абдуллахиян Твиттер баракчасынан тараткан билдирүүсүндө, президент Эрдоган менен ирандык кесиптеши Ибрахим Раисинин Түркмөнстандагы жолугушуусунда эки өлкөнүн ортосундагы эки тараптуу карым- катнаштарды өнүктүрүү чечими кабыл алынганын белгилегенин билдирген.

«Сабах» гезити: «Түркия Идлибде жаңы шаар курду» аттуу кабарында Сирияда чатырларда жашаган жүз миңдеген жаранга жардам көрсөткөн Түрк Кызылайынын брикет үйлөрдөн турган жаңы шаар курганын кабарлаган. Түрк Кызылайынын башкы жетекчиси Керем Кынык: «Түркия Европага бара турчу качкындардын агымынын алдын алууда»,-деди.



Тектеш кабарлар