Түрк басма сөзү  26.11.2021

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

1739097
Түрк басма сөзү  26.11.2021

«Хабер түрк» гезити «Түркия экономикалык максатына көңүл бурууда» деген кабарында Улуттук Коргоо Кеңешинде Түркия курган бекем инфраструктура боюнча, максаттарына ылайык инвестиция, өндүрүш, жумуш менен камсыз кылуу жана экспортко таянган экономика саясаттарын турмушка ашыруу процессинде беттешкен жана бетешиши мүмкүн болгон сынактар менен коркунучтардын каралгандыгын жазган. Жыйында Түркия Республикасынын 100 -  жылы болгон 2023 -  жылга ар тармакта болгондой экономика тармагында да күчтүү түрдө жетүү чечкиндүүлүгү такталды.

«Хүррийет» гезити «TURKOVACтын жыл аяктай электе колдонулушу күтүлүүдө” деп жазып Саламаттыкты сактоо министри Фахреттин Кожанын коронавируска каршы чыгарылган жергиликтүү TURKOVAC вакцинасынын чукул түрдө колдонулушуна уруксат берүү үчүн кайрылуу кабарынан кийин берген маалыматта проект иштери акырына чыккандыгын, изилдөө – өнүктүрүү  борборунун тендеринин алдыдагы күндөрдө болорун билдиргенине токтолгон. Борбор дүйнөдө тармагында эң өнүккөн борбор болот.

«Ватан» гезити «Түрк банктык сектору абдан күчтүү» деген маалыматында Түркия Республикасынын Борбордук банкынын төрагасы Шахап Кавжыоглунун банктык секторунун азыркы учурда Түркиянын эң күчтүү секторунун бири экендигин белгилегенин кабарлаган. Кавжыоглу түрк банктык секторунун өздүк киреше, капитал түзүмү жана кардар баалуулуктары менен дүйнөнүн эң мыкты секторлорунун бири экенин айтты.

«Стар» гезити «Украинанын Түркия менен түзгөн кызматташтык аймактын көрүнүшүн өзгөрттү» деп билдирип, Украинанын Анкара элчиси Василий Боднардын Түркия менен Украинанын жакындашуусунун аймактын көрүнүшүн өзгөрткөндүгүн жана жаңы күн тартибин түзгөндүгүн белгилеп эки өлкөнүн бир гана өз араларында эмес, Кара деңизди таасири астына алган Кавказия, Чыгыш Жер Ортолук деңизи, Балкандарда да кызматташууну ойлошу керектигин баса белгилегендигин билдирген.

«Йени шафак» гезити «Европада Галатасарайдын билеги бүгүлбөйт» деген кабарында Галатасарайдын УЕФА Европа лигасынын Е тайпасынын 5 - жумадагы беттешинде Франциянын өкүлү Марселди 4 - 2 эсебинде жеңип, 11 упай менен лидерлигин улантканын белгилеген. Группадан чыгууну кепилдикке алган сары  - кызыл команда акыркы жумадагы оюнунда бир балл ала турган болсо группасын лидер катары толуктайт.



Тектеш кабарлар