Түрк басма сөзү 24.11.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1737892
Түрк басма сөзү 24.11.2021

«Хүррийет» гезити «Шайлоо 2023-жылдын июнунунда өтөт» аттуу кабарында президент, Адилеттик жана өнүгүү партиясынын жетекчиси Режеп Тиййип Эрдогандын кечээ АК партиянын облустук башкаруучуларынын кеңейтилген жыйынында сүйлөгөн сөзүндө мөөнөтүнөн мурда шайлоо болбой турганын б.а убагында 2023-жылдын июнунда өткөрүлө турганын айтканын жазган.

«Сабах» гезити «Кара деңиз газында биринчи ширетүү 2022-жылы болот» аттуу маалыматында энергетика министри Дөнмез Кара деңизде табылган газ кенинде, деңиздин түбүнө түтүктөрдү жайгаштырып биринчи ширетүүнү 2022-жылы ишке ашыра тургандарын айтканын билдирген.

«Стар» гезити «Министр Муш, Түркия повильонунун ачылышын жасады» деген кабарында соода министри Мехмет Муштун Түркиянын Дубайда уюштурган «Экспо- 2020 Дубай» иш-чарасына болгон катышуунун дүйнө эксполоруна катышууларга берилген мааниден тышкары Бириккен Араб Эмирликтери менен карым-катнаштарга берилген маанинин да көрсөткүчү экенин айтканын жазган.

«Ватан» гезити «Министр Акар Сомалинин башкы штабынын башчысы Рагени кабыл алды» аттуу маалыматында улуттук коргоо министри Хулуси Акардын Сомалинин башкы штабынын башчысы генерал Юсуф Рагени кабыл алганын билдирген. Кабыл алууда Акар, Түркия менен дос жана бир тууган Сомалинин ортосундагы саясий жана аскердик кызматташтыктын кеңейип уланганын, Түркиянын сомали элинин тынчтыкта, коопсуз жана бакубат жашоосу үчүн ар түрдүү колдоону көрсөтүүнү уланта турганын айтканын жазган.

«Йени шафак» гезити «Туризмдеги өсүү: 10 айда 21 миллион турист» деген кабарында Түркияга жылдын биринчи 10 айында келген туристтердин саны өткөн жылга салыштырмалуу 88 пайыз өсүп, 21,1 миллионго жеткенин билдирген.



Тектеш кабарлар