Түрк басма сөзү 25.10.2021

Түрк басма сөзүнөн кыскача маалыматтар.

1724336
Түрк басма сөзү 25.10.2021

«Стар» гезити: «Карабактагы ачылышка Эрдоган да катышат» аттуу кабарында президент Режеп Таййип Эрдогандын акыркы бир жылда үчүнчү жолу Азербайжанга бара турганын билдирген. Азербайжандын оккупациядан бошотулган Карабах аймагында курган биринчи аэропорту болгон Физули эл аралык аэропорту эртең Эрдогандын катышуусунда өткөрүлүүчү азем менен пайдаланууга берилет.

«Хабер түрк»: гезити «Министр Сойлу билдирди, алар таасирсиз кылынды» деген маалыматында ички иштер министри Сүлейман Сойлунун Хаккариде 2 террористтин жок кылынганын кабарлаганын жазган. Сойлу кечээки билдирүүсүндө: «Чукуржа чек арасына кирген 2 террорист, Жандармериянын куралдуу учкучуз учуучу аппараттары, абадан колдоо жана ошондой эле кургактык операциясынын негизинде жок кылынды»,-деди.

«Сабах» гезити: «Жооптуу ысым алтын үчүн дата берди» деген кабарында Түркиянын, «улуттук энергетика жана кен иштетүү» саясатынын алкагында ишин улантып жатканын маалымдаган. Айыл чарба кредити жана Гүбреташ тоо-кен инвестициялары акционердик коомунун башкаруу кеңешинин төрагасы Фахреттин Пойраз, Билежиктин Сөгүт районундагы алтын кору жана кен казуу аймагындагы акыркы абал тууралуу: «Биз биринчи алтын куймабызды 2022-жылдын аягында Түркиянын экономикасына алып келүүнү каалайбыз»,-деди.

«Йени шафак» гезити: «Жогорку ылдамдыкта учуучу учак системасы «Шимшек» ракетага айланды» аттуу маалыматында коргоо өнөр жайынын башчысы Исмаил Демир Твиттердеги барагынан жасаган билдирүүсүндө, Түрк учак өнөр жай акционердик коому (TUSAŞ) тарабынан иштелип чыккан «Шимшек» жогорку ылдамдыкта учуучу учак системасынын алыс аралыктардагы буталарды аткан ракетага айландырылганын айтканын жазган.

«Хүррийет» гезити: «Түрк фотосүрөтчүсү Мехмет Аслан Сиенна фотосүрөт сыйлыгын алды» деген кабарында 163 өлкөнүн фотосүрөтчүлөрү катышкан дүйнөнүн эң престиждүү фото сынактарынын бири болгон Sienna фотосүрөт сыйлыктарынын жеңүүчүлөрү аныкталганын билдирген. Түркиялык фотосүрөтчү Мехмет Аслан биринчиликти алды. Мехмет Аслан тарткан "Жашоонун кыйынчылыгы" аттуу фотосүрөт сириялык ата менен уулунун окуясын баяндайт.



Тектеш кабарлар